www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тогуз жыл мурун элдик толкундоонун жыйынтыгы менен экинчи жолу расмий бийлик алмашкан. Бийлик Убактылуу Өкмөткө тийди. Президент Курманбек Бакиев оппозиция менен сүйлөшкөндөн кийин мамлекеттен качууга, кетүүгө  аргасыз болгон.

 2010-жылы 8- апрелдеги козголгон кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Ала тоо аянтына митингге чыккандардан 77 адам каза болуп, 306 адам жарадар болгон.

Ал эми оппозиция тараптын тынчтыкты көздөгөндүгү ушул күнгө чейин талкууланып келет.

24.kg  маалымат агенттиги жыл сайын Бишкектеги каргашалуу окуянын күбөлөрүнөн ЖМК комментарий алышат. Мурдагы президенттин кичүү уулунун жакын досу деп эсептеген үй бүлөлүк пландын стратеги жана Максим Бакиевдин мээси болгон деп эсептешкен Елисеевди кепке тарткан.

--Алексей, айтыңызчы, сиз кайсыл мамлекеттен орун алдыңыз? Кайсы мамлекет сизге башпаанек берди жана макамыңыз кандай?

--Акыркы тогуз жылдан  бери Латьвияда жашап жатам. 2011-жылы саясый башпаанек алгам. Азыр менин жеке жактоочулук тажрыйбам бар.

--2010-жылы 7-апрелде Кыргызстандан АКШга келген  делегациянын курамында элеңиз. Бишкекте каргашалуу окуянын орун алганын, бийлик алмашканын, жаңылыктардан билдиңизби?

--Мага ошол замат эле Кыргызстандагы орун алган каргашалуу окуя пландалып жасалганы,  куралдуу мамлекеттик бийлик алмаштырууну чет элдик атайын кызматтардын  уюштурганы айдан ачык эле көрүнүп турган.

 Менин жеке коопсуздугум үчүн Алмазбек Атамбаевдин штабынын күч блогуна өзүмдүн баканоозумду койгом.

Ал Убактылуу Өкмөт күч менен бийликти басууга камынып  жатканын маалымдады. Шаардын борборунда ок дары жана курал жарак катылган жашыруун жай уюштурулганын, кандайдыр бир согушчан адамдар куралчан ары бери мыйзамдуу жүрүү үчүн казинолорго кароол болуп ишке орношушкан. Ал эми бардык иш чара алдыртан көзөмөлдөнүп турган.

Бирок төңкөрүш учурунда бийликтин ачык эле алсыздыгы жана атайын кызматтын саткындыгы сыяктуу нерселер рол ойноду. Жөн гана орусиялык кадрдык чекисттер кыргыз коопсуздук органынын атына жамынып алып, өздөрүнүн чыныгы буйругун аткарышты. Ал эми биздин өлкөнүн саясий жетекчилиги болсо таптакыр жараксыз экендигин көрсөттү. Бул мен үчүн окуянын андан ары өнүгүшүндөгү жагымсыз күтүлбөгөн окуя болду.

--Сиздин информатор бийлик алмашуу болоорун кабарлаган жок беле?

--Ал маалымдаган.  Мен ал маалыматты күч органдарына айттыргам. Мени баары көзөмөлдө деп тынчтандырышкан.

--Болуп өткөн окуяны Максим Бакиев кандай кабыл алды?

--Мен Вашингтондон  өкмөттүк делегациядан эрте учуп келдим. Менде өзүнчө пландалган МВФ менен Дүйнөлүк банктын жетекчилери менен жолугушуум бар эле. Максим делегациянын башка мүчөлөрү менен АКШ дан учуп келди. Башкача айтканда, мен аны  Бишкекте бийликти Убактылуу Өкмөтчүлөр басып алганда көрдүм.  Менин түшүнгөнүмдө Акүйдүн алдындагы каргашалуу окуя болуп жатканда ал көп убактысын учууга коротуп койгондой.

Ачыгын айтсам, ал учурда Максим Бакиевге караганда чамам жок болчу. 7-апрелде эртең менен Бишкекте каргашалуу окуя орун алып кеч болуп калганда, мени Кыргызстандын АКШдагы элчиси Замира Сыдыкова Госпедге кеңешүү боюнча чакырды. Ал учурда кыргыз чиновниктеринин ичинен АКШнын территориясында  мен эң жогорку кызматта болчумун. Американын өкмөтү бардык картинаны көргүсү,  ким эмне кылаарын билгиси келди. Мен америкалык бийик даражалуу атка минерди көңүл кош уктум да, аларга болгон окуя бештен белгилүү болсо керектигин айттым.

Мага 7-апрелдин түнү бишкектен убактылуу өкмөт менен иштешүү сунушу түштү. Алар Америкалыктар Бакиевдерди колдоп кетет деп кооптонушту.

Мен кан аралашкан саясий оюнга аралашпайм, мага андай наадандыктын  кереги жок деп чечтим. Максим Бакиев  Вашингтонго учуп жеткен кезде бардык америкалык расмий бийлик аны менен байланышын үзгөн. Ал АКШга учуп кетти. А мен болсо жеке маселелер менен алектендим, анын Кыргызстандан үй бүлөсүн ата энесин чыгып кетүүсүн уюштуруп бердим.

--Сизди кандай мамиле Максим Бакиев менен байланыштырды? Көптөр силер жакшы достордон экениңерди жана чечимди чогуу аларыңарды айтышат...

--Төңкөрүш жасаган адамдар Максим Бакиев менен болгон кандай гана мамиле болбосун аны шермендечиликтей кылып көрсөтүштү. Башкача айтканда, аны менен катышы бар адамдардын Кыргызстанда жүргөнгө акысы жок деп чыгышты. Анткени менен кудум ошол эле адамдар Максим менен учурунда өллө жакын болушкан. Калыстык үчүн айтып коюшум керек, мен Максим менен дос болгон эмесмин. Мен үчүн кызматташтыкка караганда достук маанилүү жана жеке маселе.

Мен аны менен тааныштыгым студент кезине башталган деп айтса болот. Бешинчи курсунда мен анын группасына эл аралык жеке укук боюнча  боюнча сабак бергем. Бирок, чынымды айтсам, мен анын  ал учурдагысын эстей албайм. Анткени, көп студенттер лекцияга катышып, экзамен, зачёт тапшырышчу.

Коомчулук ойлогондой мен мамлекеттик кызматка Максим Бакиев аркылуу келген эмесмин. Кумтөрдөгү сүйлөшүүлөр үчүн жана БШКга мени Медет Садыркулов чакырган. Өнүктүрүү Фондунун башкы директорлугуна мен конкурстан өткөм.

Албетте, жактоочулук практикамда мен Максим Бакиев менен достук мамиледе болгон кардарлар менен жолуктум. Ошол учурдун ишкер чөйрөсүндө андайлар көп болчу. Ошол эле Белоконь, Надель, Карибжанов жана башка көптөгөндөр. Кыргызстанда бизнесин улантып жаткан адамдардын фамилияларын белгилүү себептер менен атай албайм. Бирок ал жерде бир гана жактоочулук кызмат болгон, ал эми менин кардарым катары Максимди мен эч качан учурата алган жокмун.

2009-жылдын октябрь айынан баштап мен ЦАРИИге иштегени келдим, ошондон баштап биздин Максим менен болгон кызматтык мамилебиз тыгыз боло баштады. Мени анын биринчиторун басары кылып дайындашты, биз күндө ар кандай маселелер тууралуу сүйлөшчүбүз.  Ошол мезгилде, менин оюмча, ал менин пикириме макул болчу.

Мен аны менен бирге иштеген мамлекеттик кызматтагы учур менен сыймыктанам деп айта алам. Балким биз ЦАРИИнин бе айдан ашык жашаган убактысын көп деле долбоорлорду ишке ашыргшан эмес чыгарбыз. Бирок, алдыга коюлуп, изилденген, концептуалдык жана техникалык жактан ишелип чыккан көптөгөн идеялар Кыргызстандын экономикасын жана ишкер чөйрөсүн жакшыртмак. Биздин иштерибиздин көбү мамлекттик сырды камтычу. Жаңы бийлик чөп башылап жана көбүнчө туура эмес маалыматтарды берген мамлекеттик кызматтагы кызматкерлерди баалашты, алар мурда чыныгы келишимге кошулган да эмес болчу. ЖЭБ модернизациясынын айланасындагы жаңжал буга күбө.

--Сиз азыр Максим Бакиев менен сүйлөшөсүзбү?

--Азыр аябай жакшы сүйлөшөм. Бир кызыкчылыкты көздөгөн маселебиз деле жок. Бирок мен үчүн керек болгон учурда аны менен байланышуу маселе деле эмес. Мен мага ачык жамандык кылбагандардын баары менен сүйлөшүп турам.

Ал тургай жаңы бийликтин жана мамлекеттик төңкөрүшчүлөрдүн адамдары менен да сүйлөшөм. Албетте, менин атамды уулаганга катыштыгы барлар менен сүйлөшпөйм, ошонун айынан атам мезгилинен эрте 2010-жылы сентябрда каза болуп калган. Биз аны мекенибизге көмө да албадык. Ал эми анын батасына келгендерди кошумча каралоолор күтүп турду.

Мен ошол ууландырууну уюштургандардан мыйзамдын чегинде өч алам, эч качан кечирбейм. Калгандарына болсо, жеке таарынычым деле жок. Бул деген саясат да.

--Арадан тогуз жыл өттү, жоошудуңуз. Бийликти алмаштырып оппозиция туура кылдыбы? Акыл токтотуп эмне болгонуна калыс баа бере аласызбы?

--Болгон окуяга менин көз карашым өзгөрүлгөн жок. Эч кандай оппозиция бийликти алмаштырган жок. Бардыгы чет элдик атайын кызматтын уюштуруусу жана күчү аркылуу болду, биздин жарандар тилекке каршы жөн гана топураган массанын ролун аткарды, анын үстүнө акылдан адаштыруучу заттардын таасири астында болушту. Мен ал топтун ичинде чыны менен Бакиевдин режимине каршы болгондордун бар экендигин жана аны кулатууну калаганын танбайм. Бирок мен кыргыз балдар өз топторуна карата атып өчөштүрүшкөн деген сөзгө эч качан кошулбайм.

Кесипкөйлөр кан төгүүнү жана башаламандыкты даярдашты. Эки тарап тең, позициясы да оппозициясы да бул кайырмакка илинип калды. Жыйынтыгында оппозиция бийликти алды жана ачуу чындыкты эч качан алышпайт. Революция тууралуу жана кан көксөгөн тирандар тууралуу айтуу кызыктуу. Башка жагынан алып караганда, бийликти басып алгандар алсыз жана эл тарабынан колдоого ээ эмес болчу. Эмгек миграциясынан Орусияга көз карандылык андан беш бетер күчөдү. Бийликте жана атайын кызматтарда коррупционерлер жана чет элдик кураторлор гана калышты. Мамлекетте идеология жана мамлекеттик эгемендүүлүк деген калбады. Кошоматчылардын колдоосу кызматтан алынуусу менен бүтөт, ал эми эл болсо кайсы гана бийликке болбосун ишенбөө жана жийиркенүү менен карайт.

--Өткөн ишке өкүнүп, күнөөңүздү сезесизби?

--Албетте жок. Мен өзүмдүн ыйгарым укугумдун алкагында дайыма мамлекеттик активдерди көбөйтүүгө аракет кылчумун, инвестициялык климатты жакшыртып, чыныгы өндүрүштү ишке киргизип, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгын коргоого аракет кылчумун.

Мисалы, мен парламенттин, соттордун жана президенттин айыгышкан каршылыгы астында жеке менчикти коргоонун рейдерликке каршы мыйзамын иштеп чыктым. Менин “Кумтөрдөгү” сүйлөшүүлөргө катышуумдун натыйжасындагы келишимдин аркасы менен мамлекет бюджетке кошумча төлөм ала алды, активдер жана милдеттен куткарылган суммалар 4 миллиарддан ашык болду.

Мен Фондго ишенип берилген кредитти сактап, ташып кетүүгө жол бергеним жок. Андан сырткары, Фонд менин башкаруумдун астында болгону жарым жыл ичинде 2,4 миллион доллар таза киреше алды.

Биз Таш-Көмүрдөгү поликремний заводунун продукцияларын жандандырдык. Иш жүзүндө кароосуз калган шаар тириле түштү. Мен мектеп окуучуларыны футбол командасы машыгуунун натыйжасында Президенттин Кубогун утуп алышкандагы кубанычтары эч эсимден кетпейт. Албетте, мындай нерселер Бакиевдин режимин чыңдап, анын атаандаштарынын кыжырын келтирген. Анын арасында мени жек көрүшкөн. Бирок мен аны менен сыймыктанам!

Мен ЦАРИИде Максим Бакиев менен бирге иштегениме кымындай да уялбайм. Ошол мезгилдеги мамлекеттик структураны жана саясий башкарууну эсепке алганда ал бюрократиясы жок, жакшы мамлекеттик орган болгон. Ким мамлекеттик чечимдерди кабыл алса, расмий кызмат алган. Көрүнбөй туруп алып, эч ким тактеке ойнотчу эмес.

Четте туруп алып, үй бүлөлүк кланды, адилетсиздикти жана малекеттик кеңкелестикти сындай баргенге деле болмок. Бирок ошол эле мезгилде мамлекет үчүн жакшы нерсе кылуу мүмкүнчүлүгү да келген эле. Туура эмес нерсени оңдоого мүмкүн эместей көрүнгөн. Жок дегенде өзүңдүн кесиптик амбицияңды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жаралган. Биздин өлкөдө аны бир гана мамлекеттик система менен кызматташтыкта гана ишке ашырууга мүмкүн эле.

Айтмакчы, ЦАРИИдеги менин ишимен революционер сөрөйлөр эч кандай айып таба алышкан жок.

--Сиз президент Бакиевге кирип турчу белеңиз? Сиз кандай деп ойлойсуз, ал же анын иниси Жаныш элдерди атканга буйрук бериши мүмкүн беле?

--Аянттагы элдерди атканга буйрукту биздин мамлекеттен сырткары жактан беришкен. Менин көз карашым боюнча, Бакиевдердин күнөөсү - бул кан төгүүгө жол бергендиги.

Колдорунда бардык бийлик бар туруп жана мамлекеттик институттарды көзөмөлдөп туруп, алар алдын ала эскертип жана жасалма козутулган аз гана топтун башаламандыгын токтотуп кала алышкан эмес.

Мамлекеттик система кагаздан жасалган үй болуп чыкты. Андай болгону да жакшы болгон экен. Эгерде ошончо курмандыктардан кийин да бийлик кала бергенде, анда мен ойлонуп чечим кабыл алмакмын. Кандай болгон күндө да каргашалуу окуядан кийинки колу кан болгон режим менен мен иштешмек эмесмин.

(Уландысы бар)

Макала 24.кж маалымат агенттигинен кыргызчаланды

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости