www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы алты жылдын аралыгында 2010-жылдагы Апрель революциясынын арты менен өлкөбүздө жаӊы заман башталды деп кубанып келген элек. Чындап эле Максим баш болгон, Гуревич менен Надель экөө төш болгон жөөттөрдүн шайкасы кыргыз жергесинен куулуп, куттуу жерибизде ишкерлер кенен иш жүргүзүп калышкан. 

Антпесе аты аталган жөөттөр Максимге таянып, өлкөбүздөгү бүтүндөй банк системасын, ал гана эмес дээрлик баардык кен байлыктарды басып алышкан болчу. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Азыр алар кайда? Кайда болсо, айда болсун, бирок кыргыз жеринен алыс болсун деп, аларды элибиз эсинен чыгарып койгон болчу.

Бирок А.Атамбаев башкарган замандын өз жөөттөрү жок эмес экен. Ал ким деген суроо туулат. Ал Алексей Василевецкий деген шылуун. Шылуундугу ушул – эчендеген эр-азаматтарыбыздын каны төгүлгөн Апрель революциясынын арты менен Максимдин айланасындагы жөөттөрдөн кутулган элибиз, башка бир жөөттү жонуна мингизип алганын байкабай калыппыз. Байкабай калганды мындай кой, ал тургай аны төрүбүзгө чыгарып алганыбызды кантип танабыз.
Анда кеп башынан болсун. Алексей Василевецкий чет өлкөдөн келген. Жөн келбей Кыргызстандын кен байлыктарына көз артып келген. Ал максатын ишке ашыруу үчүн А.Атамбаев баш болгон бийликтин коюн-колтугуна кирип жүрүп, акыры Кумтөр, Жерүй баш болгон кен байлыктарыбызга тумшугун салды. 
Акыркы мезгилдерде А.Атамбаевдин, тактап айтканда Ф.Ниязовдун амири менен КСДПнын саяпкери катары иш жүргүзүп, Акүйгө кенен-кесир кирип чыгып, ал гана эмес шайлоо кампанияларын көмүскө жетектеп келди. Айтор кыргыз саясатынын жүрүштөрүн уюштуруп, ар бир комбинацияларды ийне-жибине чейин аныктап, кыргыз саясатынын «Аталыгы» болуп алган жайы бар.
Чет жерден келген жөөттүн жетегинен чыга албай келгенине караганда А.Атамбаевдик бийликтин куту качып калган окшойт деген ойго жетеленет экенсиӊ. Болбосо Алексей Василевецкийдин эмне сыйкыры бар болду экен?!

Айтор 2010-жылы болгон революция бийлик башына эл турмушун оӊдой турган эр-азаматтарды алып келет деп жатсак, кудайдан жөө качкан жөөттүн бийлигине туш болгон экенбиз да. Мындай калпыстык качан гана А.Атамбаевдин айланасына топтолгон шылуундардын доору бүткөндө билинип жатат.

Анткен менен эми деле кеч эмес. Максимдин таянган тоосу болуп жүргөн дагы бир жөөт Е.Гуревичтин азыр темир тор артында жатканын эске алганда, Алексей Василевецкий деле алыс барбайт окшоп калды. Кыргыздын кеги кырк жылда демекчи, мындай жексурлардын эбин таап, ордуна коюу мезгил талабы болуп турат.

Алты жыл бою А.Атамбаевдин айланасындагы шылуундарга таянып алып, чалмакейди чалып келген А.Василевецкий эми кимге таянаар болду экен? Айтор бул эргул да түйүнчөгүн түйүп качып кете элегинде колуна кишен салына турган болсо, С.Исаков баш болгон функционерлердин колу менен Кумтөр, Жерүй өӊдүү кен байлыктарга кантип тиш салганын, анысын кимдер менен бөлүшкөнүн төкпөй-чачпай айтып берет болсо керек.
С.Исаков элдин башын кантип айлантып, ар кандай ыкмалар менен Кумтөрдөгү мөӊгүлөрдү жок кылууга жол ачып берген операцияларын дал ушул А.Василевецкийдин акылы менен ишке ашырган болуусу толук мүмкүн. Кечээ С.Исаков «үч тамга» мекемеге кирип сурак берип баштаганына караганда А.Василевецкийдин деле суракка алына турган күнү анча алыс эмес көрүнөт.

Тагдырдын тамашасын кара – кечээ эле Кумтөр маселеси боюнча С.Жапаров камакка алынды эле. Эми А.Василевецкий менен С.Исаков Кумтөр чуусунун экинчи этабы болот окшойт. Муну айтып жаткан себебим, кечээ жакындан бери маалымат каражаттарында С.Исаков канадалыктарга кандай айла-амал менен Кумтөрдөгү мөӊгүлөрдү талкалоого жол ачып бергендиги, ал эмгегинин акысына канча акча алгандыгы тууралуу кенен маалыматтар чыга баштады.

Булак: "УЧУР"

Последние новости