www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов украин данын деңиз аркылуу жеткирүү өлкөнүн коопсуздугу кепилденгенде гана мүмкүн болорун айтты. Бул тууралуу анын жергиликтүү ЖМКларга берген маегине шилтеме жасап "Прайм" агенттиги жазды.

"Киев үчүн эң негизги маселе — бул өлкө коопсуздугу. Эгерде биздин өлкөнүн коопсуздугу боюнча маселе чечилбесе, эч кимге эгин берилбейт", — деди Данилов.

БУУ дандын жетишсиздигинен улам дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жарала баштаганын буга чейин бир нече жолу айткан. Батыш украин данынын дүйнөлүк рынокко жетпей жатышына Орусияны айыптоодо.

Ал эми РФ президенти Владимир Путин мындай айыптоолорду жалаа деп атап, эгин экспорттоо боюнча маселе жок экенин билдирген. Ошол эле учурда ал Киевди кемелердин коопсуз өтүшү үчүн портторду минадан тазалоого чакырган. Путин данды Румыния, Венгрия жана Польша аркылуу (Дунай дарыясы менен) экспорттоого болорун айткан. Мындан тышкары, эң арзан жол Беларусь аркылуу өтөрүн, бирок бул үчүн санкцияларды алып салуу зарыл экенин билдирген.

Бирок дүйшөмбү күнү кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларусь аркылуу эгин экспорттоодон жана коңшуларга жардам берүүдөн баш тарткан.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоонун бир нече жолу бар экенин айткан.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости