www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү бийликтин көптөгөн иш-аракеттеринин артында алардын келечеги барбы? Деген олуттуу суроо жаралат. СССР учурунда, гигантомания оорусу болгон. Анда ал түшүнүктүү эле да. Экономикалык базасы, эң негизгиси жумушчу потенциалы рельске койулган зор заман болгон.

Зор курулушту башташ үчүн эчкимдерге көзкарандуу болбостон, проект долбоору иштелип, бекилгенден кийин жетиштүү каражат, жана комсомолдук курулуш аталып, эбегейсиз каражат менен техникалар топтолуп чоң курулуштар башталып, учурунда айактачу. Анын бири Кыргызстанда Токтогул ГЭС и курулган.

Ошонун, ак карасын талдасак, Токтогул ордолуу өрөөнү суу алдында баардык курулуштары менен калып, карайлаган калк четке кокту-колотко көчүрүлүп, азапка батышкан. Демек, ошондон бери, жергиликтүү калк өнүгүп өспөй жапа чегип, жасалма көлдү айланышып, убакыт менен миллиондогон тонналаган күйүүчү майды бекер сарптап келишет. Токтогул суу сактагычынын убайын кошуна өлкөлөр жарты литр сууга дагы жарты тыйын төлөбөстөн, биздин чогулткан суунун пайдасын бекер көрүшүп, жыргап келишет.

Бүгүн, биздин азыркы айдама бийлик, кошуна өзбек казактар менен биригип, Камбар Ата -1 ГЭСтин курулушуна старт алып, жерди Садыр Жапаров жардырды. Жүйөөлүү суроо туулат, эртеңки күндү ойлогон адамга. Ал кандай суроо? Ушул абдан кыйбатка түшкөн, он жылга чейин созулган зор курулуштун ушунчалык зарылдыгы жалпыбызга кереги бар беле? Анын келечеги эмне болот? – деген. Себеби...

Себеби, жалпы адамзат климаттык алааматтын залакасын башынан өткөзүп жаткан учур. Эң көйгөйкести маселе, бул суу маселеси. Жер шарыбызды жылсайын жылуулук каптап, Арктика менен Антарктидагы муздар эрип козголуп, деңиздер жээгинен чыга баштаган учур. Анын негизинде, атом согушунан дагы миллион эсе коркунучтуу жаратылыштын стихиялары күч алууда. Ал жактарын көрүп угуп билип жатат акылынан адашкан ачкөздөнгөн адамзат. Демек...

Демек, бизде дагы ошондой кубулуштар күч алууда. Тоо башынан мөңгүлөр эрип азайып, Кумтөрдөгү мөңгүлөр жардырылып казылып кокту колотторго таштанылар менен кошо көмүлүп, ууланып эрип жок болгондуктан, Нарын дайрасы азайып, кышында анын жээктерин муз баспай калган. Көкө Мерен менен Жумгалдын суулары кескин түрдө азайып бараткандары да анык. Андыктан...

Андыктан, он жыл аралыгында, ГЭС ди иштетүүчү суулардын күч кубаты азайса, анда ал ГЭС токтоп туруп калышат жалдырап... Демек...

Демек, бүгүн кол чаап, эйфорияга алдырып, суу жектерин жардырып, жаңы ГЭС ти курабыз! – дегендин негизи кереги барбы? Ушул жагын азыркы популизм пиар жагына көбүрөөк маани берген бийлик ойлоду бекен?

Экинчиден, казак менен өзбектин бийлиги көмөктөшүп бирге курабыз – дегендин артында эмне жатат? Камбар Ата – 1 чогулган сууларга да кошуналар ээлик кылып, каалаган учурда өзүбүзгө агызып пайдаланабыз! – деген максат менен, бирге курабыз – деп, алакандарын ушалап турушат. Туурабы?

Үчүнчүдөн. Токтогул аймагындагы Толук айыл өкмөтүнө тиешелүү 100 000 жүз миңдей жайыт жерлери эмне болот? Суу алдында калат. СССР учурунда көчүрүлгөн токтогулдуктарга, убада бойунча эч кандай компенцация берилген эмес. Анан азыркы биздин алсыз арсыз бийликтин казнасы жыртык, сырткы карызы саат сайын көбөйүп жатса, алар жергиликтүү элге кандай жардам бермек эле?  Ошондуктан...

Ошондуктан, айдама азгырылма, ээрчиме жана тизе бүкмө сасыткы сайасаттын зыйанынан болочокто биз эле утулабыз. Туурабы? Эмесе...

Эмесе, мага макул эмес, ашынган пахтакор кошоматчылар каршы ойлорун айтышат. А бир ак, алардын суроосу да бирчети жүйөөлү: «Камбар Ата – 1 Гэсинин ордуна кандай альтернатива, башка жолу бар?», – деген. Абдан туура суроо!

Альтернативалар бар! Жок эмес, албетте бар! Светти электрэнергиясын башка жолдору тоолтура. Микрогэстер. Күндүн жана шамалдын күч кубатын пайдалануу. Ошондой эле биогаздарды таштандыдан иштеп чыгаруу. Азыркы кезде технологиялар өнүгүп, арзан ыкмалар менен электркубаттуулугун иштеп чыгаруу жолдору дүйнө жүзүндө абдан арбын. Же болбосо, Кара Кечедеги төгүлүп көмүлүп жаткан көмүрдүн майдаланган күлдөрүнөн высокооктановый бензин чыгаруу сыйактуу жолдор менен биз кандай кана суук жылдар болбосун, электр тармагына анчейин көзкарандуу болбой жашасак болот. Айрым айылдарда малдын кыгынан, жана башка жарабаган таштандыга ыргытылган чөпчардан биогазды иштеп чыккан кыргыздар, светке көзкарандуу болбой оокат кылып калган заман.

Ошондуктан, бизге «стройка веканын» кереги жок – деп, айтууга негиз бар. Кандай дейсиңер акылман кеменгер калайык калк?

Мелис Арыпбек, эркин журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости