www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Мевлүт Чавушоглу өлкө эмне үчүн Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине каршы экенин түшүндүрдү.

“Мунун бирден-бир себеби террордук коркунучтар боюнча алардын позициясы. Башка себеп жок”, - деди Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы.

2022-жылдын май айынын ортосунда Финляндия менен Швеция НАТОго мүчөлүккө расмий түрдө кайрылышкан. Арыздарды НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге бул өлкөлөрдүн элчилери тапшырышты. Салтанат Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында өттү.

Альянстын генеральный секретары белгилегендей, аскердик-саясий блок Финляндия менен Швециянын арыздарын кубаттап жана НАТОго кирүү үчүн зарыл болгон маселелерди тез арада чечүүгө кепилдик берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости