www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу $200 млндон кем эмес киреше берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда учурунда айтты.

Мамлекет башчысы темир жолдун курулушу тууралуу пландар жөнүндө айтып жатып, азыр технка-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып жаткандыгын билдирди.

«Быйыл күзгө чейин бүтүп калса, эмдиги жылы бул жол да башталат. Эгерде үч мамлекет катышып, тынымсыз иштесе, бул жол дагы үч-төрт жылда бүтүп калат. Бул дагы ушул «Камбар-Ата-1», «Кумтөр» экөө бере турган кирешеден кем эмес киреше табат, 200 млн АКШ долларынан кем эмес киреше берет», - деди президент.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын турак жай курууга жер тилкелерин трансформациялоо, жолдорго асфальт төшөө, сугат жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу, суу сактагыч баскан жерлерге компенсация төлөп берүү, бала бакча, мектептерди куруу сындуу элдин бүйүрүн кызыткан суроолорго жооп берди.

Ошондой эле, Садыр Жапаров бир дагы маселе көңүл сыртында калбай турганын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости