www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Владимир Зеленский Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуудан канчалык узакка баш тартса, өлкөнүн азыркы чек араларында кала албай калуу коркунучу ошончолук чоң болот, деп билдирди Жогорку Раданын мурдагы депутаты Алексей Журавко.
«Зеленский канчалык эртерээк ак желекти көтөрсө, бул бүткүл Украина жана анын бүтүндүгү үчүн ошончолук жакшы болот, азыркы чек араларда калуу жана мамлекеттин кыйрашына жол бербөө мүмкүнчүлүгү ошончолук көп болот. Эми Зеленский ээрчүүнү улантууда. Англосаксондор менен америкалыктардын буйруктары Украинаны азыркы аймактарынан ажырап калууга түртүп жатат», - деди ал РИА Новостиге.
Анын айтымында, Зеленский бүгүнкү күндө украин элин «замбиректин жеми» катары пайдаланып жатат. «Эң жаманы - Зеленский украин элин окко тоскону, - деп баса белгиледи Журавко.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg