www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Альфа Телеком” ЖАКтын мурдагы башкы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында “Альфа Телеком” ЖАКсында сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуу фактыларын аныктады.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында “Альфа Телеком” ЖАКтын жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын ала сүйлөшүп алышып, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды алдын ала даярдап, ошону менен тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай жеңишти камсыз кылып турушканы аныкталды.

Иштин жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, сатылып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын натыйжасында мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени аныкталды.

Алынган далилдердин негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинде каралган кылмышты жасоого шектелген Б.А.Т. кармалып,  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости