www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Касымалиева талкуу жараткан сүрөтү боюнча үн катты

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева коомдо түрдүү пикир жараткан кызы менен БУУнун трибунасында түшкөн сүрөтү боюнча Фейсбук баракчасына комментарий берди.

Эске салсак, буга чейин БУУнун маалымат кызматы өзүнүн расмий Twitter баракчасына Аида Касымалиева менен анын кызынын сүрөтүн жарыялаган. Сүрөт 24-июнда белгиленүүчү дипломатиялык аялдардын эл аралык күнүнө карата тартылган. Бул пост кызуу талкуу жараткан. Айрым интернет колдонуучулар Касымалиеванын саясий позициясын жана дипломатиялык ишмердүүлүгүн сынга алып, анын өлкөнүн мурдагы жетекчилиги менен байланышын да эске салган.

"Жакында төрөп, бирок ошол эле учурда иштеп жаткан аялдын мисалында иллюстрация катары - кызым менен түшкөн сүрөтүм ушул күнгө туш келди. Ал эми сүрөттү БУУнун маалымат кызматы жарыялаган. Бул сүрөт бардык иштеген энелер жөнүндө. Ооба, бул трибуна менин жумуш ордум. Мен өлкөнүн атынан туруктуу өкүл катары ал жерде көп сүйлөйм. Бул залда мен добуш берем, иштейм, талкууларга катышам. Мен БУУдагы жумушума кызымды алып барсам болот. Өткөн жылы биз үчүн, иштеген энелер үчүн атайын lactation rooms бөлмөлөрү ачылды - ал жерден баланы тамактандырып, жалаягын алмаштырса болот. 

Мен төрөп, туруктуу өкүл болуп турганда, БУУдагы бардык элчилердин арасында Кыргызстан үчүн сыймыктануу жана мактоо сөздөрү болгон. Ошондой эле, өлкө жетекчилигине, Тышкы иштер министрлигине түшүнүү менен колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем", - деп жазган Касымалиева.

Ал белгилегендей, айрым жарандар бул сүрөттүн маанисин бурмалап салган. "Ыйман – бул Алланын күтүүсүз, бирок көптөн күткөн белеги. Жубайым менен ушунча убакыт күтүп, тиленип көргөн кызыбыз. Ал улуу эжесинен 16 жылдан кийин төрөлгөн. Ал эми бул бакытты кандайдыр бир майда-чүйдө ойлор менен өлчөөгө болбойт", - деп жазган ал.

Касымалиева, ошондой эле, анын ишине байланыштуу колдонуучулардын айыптоосуна жооп берди. "Балким, кимдир бирөө БУУда иштебей эле, кызы менен сүрөткө түшүп жүрө берсе болот деген ой жараткысы келип жатат. Бул күлкүлүү жана андай болбойт. Президент мени туруктуу өкүл кылып дайындап, 2022-жылдын февраль айында Нью-Йоркко келгенде, БУУ ковидден кийин жаңы өзүнө келип жатканда, мен окуялардын, демилгелердин, геосаясий жана башка кризистердин айлампасында калдым. Маанилүү нерсе болбой турган күн болбойт. Баарына көңүл буруш керек.

Мен түшүнүктүү болуш үчүн бир маанилүү нерсени тактагым келет. Туруктуу өкүлдүн позициясы – өлкөнүн позициясы. Ар бир сүйлөгөн сөз, чечим иштелип чыгат, макулдашылат жана бул туура. Өлкөнүн татыктуу позициясын кылдаттык менен иштеп чыгуу керек. Мен бул кызматка парламенттен келдим. Ушул бир жарым жылдын ичинде мен ТИМ системасында күн сайын акылдуу жаш кыздарды жана жигиттерди гана жолуктурдум. Айсбергдин көрүнбөгөн жагы бар – дипломаттардын көзгө көрүнбөгөн эмгеги, бул - эң негизгиси", - деп жыйынтыктады Касымалиева.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости