www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куралдуу козголоң факты боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн Орусиянын ФСБсынын коомчулук менен байланыш борборунан билдиришти. "Кылмыш ишин тергөө учурунда анын катышуучулары баш аламандык жасоого багытталган аракеттерин токтоткону аныкталган", - деп көрсөтүлгөн.

Эске салсак, куралдуу козголоң уюштуруу (РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренеси) боюнча кылмыш иши 24-июнда козголгон.

Беларус президенти Александр Лукашенко менен Евгений Пригожиндин сүйлөшүүлөрүнөн кийин, ал Москвага баруу ниетинен баш тартууга макул болгондо, Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пригожин боюнча козголгон кылмыш иши жабылганын, жалданма аскерлерге каршылык көрсөтпөй турганын билдирген.

Бирок 26-июнда тергөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болгон. ФСБ бүгүн, 27-июнда комментарий берип, Пригожинге карата кылмыш иши токтотулганын билдирди.

Эскерте кетсек, 23-июнда «Вагнер» жеке аскерий компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министрлигин анын компаниясынын позицияларына сокку урду деп айыптаган.

24-июнь күнү эртең менен ал "Вагнер" аскерлери Ростов-на-Донудагы объектилерди көзөмөлдөп жатканын билдирген. Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында болушу мүмкүн болгон теракттардын алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилген.

Кырдаал Беларустун президенти Александр Лукашенко менен "Вагнердин" башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Евгений Пригожин Москвага баруу ниетинен баш тарткандан кийин жөнгө салынган. Азыр анын кайда экени белгисиз.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости