www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Вагнер" жеке акскердик компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожинге козголгон куралдуу козголоңду уюштуруу (РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренеси) боюнча кылмыш иши токтотула элек жана тергөө уланууда. Иш Россиянын ФСБнын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү тарабынан тергелип жатат. Бул тууралуу “Коммерсантъ” гезити жазып чыкты.

Анын айтымында, иш 23-июнда ачылган.

ФСБ Евгений Пригожинге каршы куралдуу козголоң уюштурган деп кылмыш ишин козгогону кабарланган. Бул берене боюнча ал 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Евгений Пригожинге каршы кылмыш иши жабылганын, жалданмачылар жоопко тартылбай турганын билдирген.

Көзөмөл органындагы "Коммерсант" булагы кылмыш ишин козгоо чечими жокко чыгарыла электигин, козголоң боюнча тергөө уланып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, 23-июнда «Вагнер» жеке аскерий компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министрлигин анын компаниясынын позицияларына сокку урду деп айыптаган.

24-июнь күнү эртең менен ал "Вагнер" аскерлери Ростов-на-Донудагы объектилерди көзөмөлдөп жатканын билдирген. Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында болушу мүмкүн болгон теракттардын алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилген.

Кырдаал Беларустун президенти Александр Лукашенко менен "Вагнердин" башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Евгений Пригожин Москвага баруу ниетинен баш тарткандан кийин жөнгө салынган. Азыр анын кайда экени белгисиз.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости