www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талибан кыймылынын режими аялдарга эркин адамдардын статусун кайтарып берди. Бул тууралуу аталган кыймылдын лидери Хайбатулла Ахунзада мусулмандардын Курман айт майрамына карата жасаган билдирүүсүндө маалымдаган.
"Аялдарды көптөгөн зулумдардан, анын ичинде мажбурлап никеге туруудан куткаруу боюнча конкреттүү чаралар көрүлүп, шарият боюнча укуктары корголгон. Эркин жана татыктуу адам катары аялдардын статусу калыбына келтирилди жана бардык институттар аялдарга нике, мурас жана башка укуктарды камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү", - деп айтылат маалыматта.
Анын айтымында, талибдер аялдардын ислам шариятына ылайык жайлуу жана бакубат жашоону камсыз кылуу үчүн алардын абалын жакшыртуу үчүн керектүү кадамдарды жасап жатат.
Талибандын лидери белгилегендей, Ооганстандагы аялдардын көйгөйлөрү башка нерселер менен катар "20 жылдык оккупациянын терс таасирлери менен" байланыштуу.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын августунда Ооганстанда бийликти басып алгандан бери талибдер ислам баалуулуктарына туура келет деп эсептеген чектөөлөрдү киргизген. Тактап айтканда, радикалдар аял телеалпаруучуларды хиджаб кийүүгө милдеттендирип, актриса айымдардын катышуусундагы драмалык тасмаларды жана берүүлөрдү көрсөтүүгө тыюу салышкан.
Булак: NazarNews.kg