www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ленинград облусунун тургуну күйөөсүн өлтүрүүгө жана жашы жете элек уулунун өмүрүнө кол салууга шектелүүдө. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин облустук башкармалыгы билдирет.
«Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кылмышка шектүү 13-сентябрда Гатчина шаарынын Куприна көчөсүндөгү батирде 1972-жылы туулган күйөөсүн мойнуна бычак менен сайган. Натыйжада жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон. Шектүү ошону менен токтоп калбастан 15 жаштагы уулунун денесине бычак менен залал келтирген», - деп айтылат маалыматта.
Бактыга жараша, бала батирден качып чыгып, аман калган.
Аял кармалып, адам өлтүрүү жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүнө көз салып жаткан облустук прокуратуранын маалыматына караганда, шектүү психоневрологиялык диспансерде каттоодо турат.
Булак: NazarNews.kg