www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумушсуздук проблемасын чечүүнү башка өлкөгө жүктөп туруп көз карандысызбыз деп айтуу «абсурд». Мындай пикирин журналист Али Токтакунов бүгүн, 20-январда өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Акылбек Жапаров мигранттарды эшелондоп Россияга жөнөтөлү дейт. Дароо 90-жылдардын аягы, 2000-жылдардын башы, зылдай оор чаар сумка көтөргөн мекендештер элестеди. Чартарабы ачык плацкарт вагондорго тыгылып кеткен ата-эне, туугандарымды узатып вокзалга далай баргам. Алар 3-4 күндүк жол азабын далай көрүштү. Анан акырындап учак менен каттай башташты. Алар Кыргызстанда иш орундары ачылса экен, татыктуу маяна болсо экен, ага чейин иштей туралы деп чыдап келишти. Тилегендей болбоду.

А биздин көпөстөр реалдуулуктан таптакыр алыс.

Жапаровдун сунушунун түпкү мааниси жарандарыбызды кара жумушка тыга берели, кулчулукка кириптер кыла берели, караңгылыктан чыкпай эле коелу дегенди туюндурат. Тилекке каршы биздин горе-чиновниктердин ой-жүгүртүүсү ушундай. Керт баштын кызыкчылыгы үстөмдүк кылып турганда калктын маанилүү маселеси эч качан системалуу чечилбейт.

Жумушсуздук проблемасын чечүүнү башка өлкөгө жүктөп туруп көз карандысызбыз деп айтуу абсурд. Бирок бул биздин коррупционерлерге ыңгайлуу. Мыйзамсыздыкка каршы туралган, каяша айткан, көзөмөлдөгөн ал-кубаттуу жарандардын аздыгы, көңүлдөн алыс, көздөн далдаада турганы алар үчүн жыргал. Уурулугун уланта берүүсүнө өбөлгө. Болбосо, элестетиңиз, азыр Москвада жүргөн жүздөгөн активисттер Бишкекте болсо кандай гана жарандык көзөмөл болмоктугун.

Ооба, пандемия убагында көп өлкөлөрдө жумушсуздук күчөдү. Бирок бир тобу колдо бар каражатын жүгүртүп, инфраструктура куруп, жумуш орун ачуу менен алек. Мисалы, алыс барбайлы, коңшубуз Өзбекстан. А Кыргыз чиновниктери четтен келген 700 млн доллар жардамды негизинен айлык акыга салып жиберип (жеп алып десе да болот) отуруп калды. Ошонун жок дегенде үчтөн бирин жергиликтүү бизнеске, иштейм деген жарандарга арзан кредит катары бергенде акча жүгүртүлүп, он миңдеген жумуш орундары сакталмак/ачылмак. Бул бир эле мисал», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости