www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Альян» партиясынан мандатка ээ болгон Токтобүбү Оргалчанын деңгээли ХХ кылымдын башындагы «агартуучулардай» экен. Сүйлөсө диалектиси кулакка жагымсыз угулуп, орус тилинен кирген эң оной сөздөрдү туура айта албаганы байкалды.

Билими, тажрыйбасы пас окшойт. Анан калса күйөөсү экөө алдамчылыкка шектелип (Элмира Сапарова аттуу аял арызданып), артынан айыштоолор чууруй баштаганы эмнеден кабар берет?

«Альянстын» атаманы Алтынбек Сулайманов коммерсант аялдын акчасына эле кызыгып, катарына кошуп алганбы? Мынчалык деңгээлге түшпөш керек эле да. Өздөрү «балээни» жармаштырып алышат дагы, анан күнөөнү бийликтен издешет.

Кичине арыдан бери болушпайбы? БШК мыйзамга ылайык аялдардын квотасын пайыздык өлчөмдө санап, ырааттуу негизде эле Токтобүбү Оргалчага мандатын ыйгарыптыр. Бул факты экенин жарыялашты го, дагы кайда барабыз?

Негизи «Альянс» партиясынан кылмышка шектүүлөр дагы чыга баштаса, таң калбай эле койгула. «Балык башынан сасыйт» дечү беле?

Булак: Азия News гезити

Последние новости