www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда өлкөдө акредитацияланган бир катар чет мамлекеттердин элчилеринен ишеним кагаздарын кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, ишеним кагаздарын Швейцария конфедерациясынын элчиси Оливье Бангертер, Монголия элчиси Ганхуяг Содном жана Азербайжан Республикасынын элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов тапшырды.

Азем башталаардын алдында чет элдик дипломатиялык миссия башчыларын Ардак кароол тосуп алды.

Ишеним кагаздарын тапшыруу аземинен кийин Садыр Жапаровдун ар бир дипломат менен эки тараптуу жолугушууларынын жүрүшүндө өз ара мамилелерди тереңдетүүнүн, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемедөөнүн, соода жүгүртүү жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы элчилерди жогорку жана жоопкерчиликтүү кызматка дайындалышы менен куттуктады. Ал өкүлчүлүк кылган өлкөлөр менен эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташууну бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Мамлекет башчысы мамлекеттер аралык саясий жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, ошондой эле түз соода-экономикалык байланыштарды түзүүнүн жана Кыргызстанга чет элдик инвестицияларды тартууга дем берүүчү чаралардын маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Садыр Жапаров Кыргызстандын артыкчылыктуу милдеттеринин бири — чет элдик инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо экенин баса белгиледи.

Бул үчүн өлкө жетекчилиги республикадагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барууда жана кыргыз тарап чет элдик инвесторлор менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер анын өлкөсү менен Кыргызстан ортосунда көп окшоштуктар бар экенин белгиледи. Ал Садыр Жапаровду Кырыгзстандын демилгеси боюнча БУУнун Жалпы ассамблеясында 2022-жыл «Эл аралык тоолорду туруктуу өнүгүүсү» деп жарыялоо жөнүндө резолюцияны кабыл алышы менен ошондой эле парламенттик шайлоонун өтүшү менен куттуктады.

Оливье Бангертер Швейцариянын тыгыз өз ара кызматташууга жана Кыргызстанда өнүктүрүү программасына 22 млн АКШ долларын бөлүүгө даярдыгын белгиледи.

Элчи Ганхуяг Содном Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсухтун ысык саламын жеткирип, өлкөлөр ортосундагы саясий байланыштын жогорку деңгээлин белгиледи.

Ал келерки жылы эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл толорун эске салды.

Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндөгү боордош өлкө экенин баса белгилеген Ганхуяг Содном айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармагындагы алакаларды кеңейтүүгө даярдыгын, бул жерде чоң потенциал бар экенин белгиледи. Ошондой эле, Монголиянын элчиси Кыргызстанды ЕАЭБ мейкиндигинде төрагалык кылуусунун башталышы менен куттуктады.

Азербайжандын элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов өлкөлөрдү байыркы түрк тамыры жана совет доору боюнча жалпы тарых, маданий жана руханий мурастар бириктирип турганын баса белгиледи.

Элчи эки өлкөнүн бардык эл аралык маселелер боюнча көз караштары жакын экенин белгилеп, Азербайжандын Кыргызстан менен инвестициялык кызматташуусун арттырууга даярдыгын баса белгиледи.

Жолугушуулар соңунда мамлекет башчы Кыргызстандын ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин дагы бир жолу белгилеп, элчилердин маанилүү жана жооптуу дипломатиялык кызматына ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости