www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Атада өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитинде Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабак маселесин көтөрдү. Ал бул аймак узак жылдар бою армян оккупациясында турганын белгилеп, анын айынан Азербайжан аймагынын 20 пайызы бул өлкөнүн көзөмөлүндө экенин билдирди.

- 1 миллионго жакын качкын өз жерин таштап кетүүгө мажбур болду. 10 миңден ашык адам дайынсыз. Армения биздин диний жана тарыхый эстеликтерди талкалады. Ушундай кылмыш үчүн алар жооп бериши керек,- деди Алиев.

Азербайжан президенти "Армения согуштук кылмыштарды жасап жатат" деп муну геноцид катары баалады. Буга байланыштуу Алиев түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин алкагында аймактык коопсуздук маселелерди, жаңы тобокелчиликтерди талкуулоону сунуштады.

2-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити башталды.

Жыйындын жүрүшүндө түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты арттыруу, спорт жана жаштар саясаты жаатында келишимдерге кол коюлушу мүмкүн экени кабарланган.

Бул ирет саммитте Өзбекстан расмий түрдө уюмга кошулушу ыктымалдыгы да айтылууда.

Түрк тилдүү мамлекеттер саммити 2010-жылы расмий түрдө ишин баштаган. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө. 

Булак: "Азаттык"

Последние новости