www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алиев Эрдоганга кат жөнөттү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, 15-Июль Демократия жана Улуттук Биримдик күнүнөн улам президент Режеп Таййип Эрдоганга кат жөнөттү. Бул тууралуу https://www.trt.net.tr жазып чыкты. 

(Фетхуллахчы террордук уюму ФЕТӨнүн 15-июль 2016-жылдагы) Төңкөрүш аракетинин түрк мамлекетине каршы чыккынчылык планы болгонун баса белгилеген Алиев, Эрдогандын баатырдыгы жана түрк калкынын ага карата сүйүүсүнөн улам тууган «Түркиянын бул татаал сыноодон дагы күчтөнүп чыкканын» белгиледи.

Демократия жана Улуттук Биримдик күнүнүн түрк улутунун өз мамлекетине жана демократиялык салттарына берилгендигинин ачык мисалы болгонун айткан Алиев, катында: «Төңкөрүш аракетине бөгөт коюш үчүн жанын аябаган шейиттерибизди таазим кылуу менен эскеремин. Азербайжан, чыккынчы төңкөрүш аракетин алгачкы мүнөттөрдөн тарта айыптады. Азербайжан калкы жана мамлекети муну менен тууган Түркиянын жанында экенин көрсөттү. Азербайжан жана Түркия, «Бир улут, эки мамлекет» принцибине ылайык жакшы жана жаман күндөрдө дайыма бири-бирине колдоо көрсөтүүдө», деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости