www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Оператор РОП" компаниясы утилизация төлөмдөрүн жыйноо укугунан ажырады. Бул тууралуу 19-январда казак өкмөтүнүн сайты кабарлады.

Маалыматта "Оператор РОП" утилизациялык төлөмдөрдү башкарууну токтоткону, утилизациялык алымдардын эсебинен түзүлгөн активдер мамлекеттин менчигине өткөрүлгөнү айтылат.

Компаниянын милдетин мындан ары мамлекеттик "Жасыл даму" ишканасы аткарат.

Өткөн аптада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Оператор РОП" компаниясын сынга алып, аны жабууну талап кылган. Бул ишкананы өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева менен байланыштырып келишет.

Буга чейин бийлик "Оператор РОП" компаниясына акыркы беш жылда 691,9 млрд теңге (азыркы курс боюнча дээрлик 1,6 миллиард доллар) каражат түшкөнүн кабарлаган.

Казакстанда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин бийлиги алсырап, азыркы президент Касым-Жомарт Токаевдин таасири артты деген божомолдор күчөгөн маалда мурдагы мамлекет башчынын жакындары кызматтарынан алынып, өлкөдөн чыгып кетип жатканы айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости