www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ош окуясын биздин эле бийликке, байлыкка тойбогон саясатчылар уюштурушкан», -деди бүгүн, 19-январда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, 2010-жылдагы Ош окуясы боюнча тергөө уланып, Азимбек Бекназаров сурак берип жатыптыр. Бул тергөө ал кандуу окуяны ийне жибине чейин иликтейт деп ишеним артсак болобу?

- Менимче, Ош окуясын өтө так жана ыкчам тергеп элге чындыкты жеткирүү керек. Буга чейин жаап-жашырып, элди алдап келишпедиби? Натыйжада, Ош-Жалал-Абад кыргынын уюштурушкан төбөлдөр калып кетип эле жөнөкөй адамдар камалышты. Мындай болбойт.

1990-жылдагы Ош - трагедиясын дагы ушинтип унуткарып коюшкан. Анан кутурган сепаратисттер кыргынды 20 жылдан кийин кайталашты. Эми андай болбойт деп ким кепилдик бере алат?

2010- жылдагы Түштүк апаатын биздин эле бийликке жана байлыкка тойбогон саясатчылар уюштурушкан. Эми болсо, уялбай дагы эле саясатты бучкакташып эл аралап жүрүшөт. Уят!

- Эл арасында бийлик аша чаап кетти. Ал кандуу окуяны козгобой эле койсо болмок дегендер да көп...

- Расмий бийликтин 2010-жылда орун алган Апрель жана айрыкча, Июнь коогалаңдары боюнча кайрадан кылмыш ишин козгогону эң туура кадам. Кантсе дагы эбегейсиз көп сандагы жарандарыбыздын кандары бейкүнөө эле төгүлбөдүбү!? Ага жооптуу ким?

Негизги максаттары эмне болгон? Бул кызматка мас болгон адамдардын жөнөкөй эле шалаакылыктарыбы же максаттуу бир кылмыш иштерине барыштыбы? Башкы суроо ушунда турат!

Анын үстүнө азыркы бийлик ошол коогалаңдар боюнча акыйкат чечимдерди чыгарып беребиз дешип бир нече жолу элге убадаларды айтышкан.

Бул эртеби-кечпи баары бир көтөрүлө турган маселе. Айыпсыз адамдардын кандары баары бир коё бербейт. Бул сапар каралбай калса, келечекте жогорку суроолорду чечүү үчүн болгон аракеттер улам-улам көтөрүлө берет.

Ошондуктан прогрессивдүү көз караштагы кыргыз жарандары бийликтин чечкиндүү кадамдарын колдой башташты. Убактылуу Өкмөттүн (УӨ) канчалык күнөөсү бар экендигин адилет тергөө менен аныктап койгондун эмнеси жаман? Биринчи кезекте ошол эле УӨтүн мүчөлөрү үчүн керек болгону турбайбы?

Жашоону жаңы барактан башташ үчүн өткөн ишти сөзсүз териштирип алуу керек. Болбосо «ушундай деле кайталанса боло берет экен» деген жоопкерсиздик суроолор чыга берет. Кандуу окуялар жазыксыз калса, ал сөзсүз кайталанат!

Албетте, УӨтүн мүчөлөрү буга каршы туруп жатышат. Бирок, менимче, алардын арасында акыйкат тергөөлөр аркылуу тарых алдында акталып алуу ниеттери бар адамдар дагы бар чыгаар, капырай. Кантип эле аёсуз жана бейкүнө төгүлгөн кандарды карайлатып туруп жаап салабыз деген ой менен эле жашап калышсын?! Эл ага жол бербейт.

- Кээ бирөөлөр азыркы бийлик Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн ооз ачкыс кылуу үчүн 2010-жылдагы кандуу окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, ага чекит коюуга аргасыз болуп жатат деген ойдо го?

- 2010-жылы эки чоң трагедияда орун алып, карапайым элдин уул-кыздарынын каны төгүлдү. Ал алаамат УӨтүн ишмердүүлүгү менен тыгыз байланыштуу. Жаңы бийлик мунун моралдык жагына жооп берет.

Анткени, бир жыл бою убадалар айтылып келди. Болгону чечкиндүү аракеттер гана орун алуусу абзел. Тергөө жана сот иштери акыйкаттык аркылуу гана калың журттун кайгысын бир аз болсо дагы жеңилдете алат! Башка жол жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости