www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Аликбек Жекшенкулов пандемия учурунда уурдалган гуманитардык жардамдар тууралуу оюун айтып, күнөөлүүлөр катуу жаза алышы керек деди. Бул тууралуу Жекшенкуловдун соцтармактагы баракчасына жазды. 

“Урматтуу  Достор!

Менин дарегиме соцтармактардан пандемия убагында Россия өлкөсүнөн берилген ПЦР-тест, гуманитардык жардам боюнча суроолор келип жатат, кандайча, кимге бөлүнгөнү тууралуу? Элге эмне үчүн бекер болгон эмес деген суроолор.

Бул суроого мурунку президенттин аппараты жана Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги жооп бериш керек. Пандемия күчөп турганда биз Россиядан уюштуруп жөнөткөн бекер гуманитардык жардамды толугу менен ошолор бөлүштүргөн. Элчилик тараптан баардыгы ачык айкын болгон.

Элчилик, диаспара жана волонтерлор менен биргеликте пандемия убагында элибизге абдан чоң жардам берди.

Бирок, эмне себептен элге бекер гуманитардык жардам толугу менен жеткен жок деген суроо мени да кызыктырат. Негизи ПЦР-тестер Россия өкмөтүнөн бекер берилген, эл үчүн анализдер толугу менен бекер жасалышы керек болчу.  Жаңы келген укук коргоо  жетекчилери сөзсүз изилдеп, гуманитардык жардам уурдаган мите-чинониктерди катуу жазалашы керек!

Мен Россиядагы элчи катарында өзүмдүн милдеттеримди так жана таза аткаргам. Ар бир маселе боюнча жообун бергенге даярмын”, - деп жазды Жекшенкулов.

Эске сала кетсек, пандемиянын күчөгөн маалында Кыргызстанга келген жардамдар уурдалып, айрым чиновниктер ишкерлик жүргүзгөнүн айтылган.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости