www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-январда Ош шаардык мэриянын алдына ишкер менен соттошуп жаткан жарандар пикетке чыгышты. Нуркул Шырдаков аттуу ишкер 1998-жылы Мамлекеттик мүлк фондунан сатып алгам деген жер тилкесине байланыштуу 33 үй-бүлөнү сотко берген.
Ишкер менен жарандардын ортосундагы талаштуу жердин жалпы аянты 2,4 гектарды түзөт.
Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык филиалы билдиргендей, Ош шаардык мамлекеттик администрациясы 2,4 гектар жер боюнча Нуркул Шырдаковго 1998-жылы токтом чыгарып берген. Бирок ишкер ал жерди учурунда каттаткан эмес. Азыркы учурда 2,4 гектар жердин 28 сотых жери Нуркул Шырдаковго катталып, калганы башка жарандардын карамагында турат.
Ишкер 33 кожолуктун ар бири менен өз-өзүнчө соттошуп жатат. Кожолуктардын ичинен төртөөнү Жогорку соттон утуп алган.
Булак: NazarNews.kg