www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокурор, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Курманкул Зулушев жаңы өзгөртүүлөргө ылайык бюджеттин аткарылышы боюнча паламентке каржы министри отчет берерин айтты.
«Парламенттик башкаруу болгондо премьер-министр бюджеттин аткарылышы жана башка маселелер боюнча парламентке отчёт берет. Азыр окусаңыздар финансы министри бюджеттин аткарылышы жана башка бардык иштер боюнча парламентке отчёт берет. Эгерде парламент канааттандырарлык эмес деп чечсе, президент ошол артка тарткан министр боюнча жеке чечим кабыл алат. Бул жерде өкмөттүн курамы отставка кетет деген түшүнүк жок», - дейт Зулушев.
Белгилей кетсек, Бишкекте Конституциялык кеңешменин талкуусу өтүп жатат. Сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча министрлер кабинетинин төрагасы бир эле учурда президенттин аппаратынын жетекчисинин да кызматын аркалайт.
Эскерте кетсек, Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын былтыр 11-декабрда кабарлаган. Кеңешме долбоордун акыркы варианты иштелип чыккан соң аны Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg