www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жыл Кыргызстан үчүн мамлекеттик чек ара маселесин чечүү жагынан тарыхый жана эсте каларлык жыл болду. Бул тууралуу УКМК төрагасынын биринчи орун басары – УКМКнын чек ара кызматынын директору Абдыкарим Алимбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, чек ара маселеси көп жылдар бою чечилбей келген. Бирок, 2021-жылдан баштап бул көйгөйгө өзгөчө көңүл бурулгандыктан, бүгүнкү күндө чек ара маселеси толугу менен жөнгө салынды.
“Бул чечим оңойго турган жок. Эки чоң жаңжал болуп өттү. Баткендиктер оор сыноолорду башынан кечирип, бүтүндөй кыргыз эли жана жалпы мамлекет жабыркады десек болот. Биз бул жыйынтыкка өтө татаал сүйлөшүүлөрдүн арты менен келдик. Президент Садыр Жапаров чек ара маселесин чечүү боюнча так саясий максат койгон жана чечкиндүү аракеттин аркасында бул тапшырма аткарылды. Ошондой эле чек ара маселесинин чечилишине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев зор салым кошту. Сүйлөшүүлөр кыйын болду, кээде катарынан 3-4 жолугушуу өткөнү менен иш алдыга жылбай, эч кандай чечим кабыл алынбай калган учурлар да болду”, - деп белгиледи Алимбаев.