www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңештин айрым депутаттары көтөрүп жаткан маселелер боюнча жооп берип, соцтармак баракчасына билдирүү жазды.

«Эл өкүлдөрүнүн көтөргөн маселесине өтүүдөн мурда, президентибиздин сөзүн дагы эске сала кетейин. “Демагогия жана популизм менен алектенбеңиздер”-деп суранды эле.

Биринчиси, Дастан Бекешов төмөндөгүдөй кайрылуу жасаптыр, кыска мазмуну: “Бишкектеги ботаникалык бактын ичине футбол талаасын курганы жатышат. Бул жерге адамдар сейилдегени, эс алганы келишет. Бизде футбол аянттары үчүн жер толтура. Президенттен да буга көңүл буруусун суранам. Ал жакта футбол талаасынын кереги жок»,-дептир.

Ботаникалык бактын абалы мурда кандай эле? Кароосуз калып, бактары куурап, сугат системасы иштен чыккан, ичинде жырткыч жаныбарлар, чөөлөр аралап, сейилдеп баса турган жолдору караңгы, кечкисин кылмыштуу окуялар катталган аймакка айланып калбады беле?», — деп суроо салды Орунбеков.

Ал президенттин тапшырмасы менен азыр оңдолуп жатканын белгиледи. «Сейилдеп басып жана чуркай турган тротуарлар курулуп, бактын ичи жарыктандырылып, видео байкоолор, 8,5 чакырым болгон веложол бар. Үч скважина казылып, 270 метрден суу чыгарылды. Учурда бактарды тамчылатып сугаруу системасы коюлуп жатат. Куурап калган бактарды калыбына келтирүү, өсүмдүктөрдү өстүрүү, коргоо жана функционалдык милдеттерине зарыл болгон муктаждыктардын баары жасалууда. 147 гектар болгон ботаникалык бактын тосмосу толук жаңыланды.

Шаардыктардын суранычы эске алынып, таштак, эч кандай бак өспөгөн жерине ден-соолукту чыңдоочу аянтча курулууда. Анын ичинде мини футбол аянтчасы дагы бар. Дастан Бекешов мына ушуну айтып, каршы чыгып жатат. Мини футбол аянтчасына жаштар келип машыгат, ойнойт, андан түшкөн каражат кайра эле ошол бакчаны тейлөөгө кеткен муктаждыктарга жумшалат.

Буюрса, жай айына чейин бүтөт, ошондо мурдагы абалы менен, кийинки жыйынтыгын салыштырып көрүп, анан баа бересиздер. Ага чейин жумурткадан кыр издеп каршы чыга берген орунсуз деп эсептейм.

Экинчиси, депутат Камила Талиева мамлекеттик сыйлыктар боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору тууралуу сүйлөптүр. Депутат айым, “мамлекеттик сыйлыктар боюнча сунушталган мыйзам долбоорунда “Кеменгер” наамы деген бар экен. Ушу кантип болсун, мындай сыйлыкты ким ойлоп таап сунуш кылды”-деп өкмөттү сындап жатат.

«Камила Абдразаковна Жогорку Кеңештин трибунасынан маселе көтөрүп жатканда, алгач тактап алып анан микрофонго чуркасаңыз болмок. Мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке 2025-жылдын 17-декабрында расмий киргизилген. Мыйзам долбоорунда «Кеменгер» наамы деген сөз жок. Долбоорду кайра карап чыгып, жакшылап окуп көрүүнү сунуштайм.

Ал эми «эл акыны» жана «эл жазуучусу» деген наамдар бириктирилип калыптыр депсиз, эми аны депутаттар талкуулап, сунуш берип, толуктап, алымча-кошумча кылып койсо болот», — деди ал.

Последние новости