www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2026-жылдын 14-январында эртең менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин борбордук аппаратында жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге Жогорку соттун Аппаратынын жетекчиси Сулайман Мыкыев жана Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Жогорку соттун төрагасы Сот департаментинин жетекчилигин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларын укту. Негизги көңүл сот тутумун санариптештирүү маселелерине жана сот отурумдарынын залдарын аудио жана видео жаздыруу үчүн техникалык каражаттар менен жабдууга бурулду.

Медербек Сатыевге 193 сот отурумдарынын залынан мурда 157 зал аудио- жана видеофиксациялоо системалары менен жабдылганы, учурда дагы 40 залга аудио жана видео көзөмөл системаларын орнотуу иштери аяктап жаткандыгы тууралуу маалымат берилди. Ошону менен катар, мурда жабдылган айрым залдарда аудио жана видео жаздыруу системаларынын айрым запастык бөлүктөрү иштен чыккандыгына байланыштуу толук көлөмдө иштебей жаткандыгы белгиленди. Азыркы учурда компетенттүү органдар менен биргеликте өлкө боюнча бардык сот процесстерин толук камтыган аудио жана видео жаздыруу автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев акыркы мезгилде жабдууларды жеткирүүчү чет өлкөлүк өндүрүүчү менен байланыш калыбына келтирилгенин жана иштен чыккан жабдуулар үчүн запастык бөлүктөрдү жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын маалымдады. Белгилүү болгондой, буга чейин сот отурумдарын аудио жана видео жаздыруу системалары Украинадагы компаниядан сатылып алынган, бирок өлкөдөгү туруксуз кырдаалга байланыштуу жеткирүүлөр убактылуу токтотулган.

Кеңешменин жүрүшүндө сот приставдарынын материалдык-техникалык камсыздалышы, курал-жарак менен жабдылышы жана физикалык даярдыгы маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жогорку соттун төрагасы бул багыттагы маселелерди кылдат иштеп чыгып, кыска мөөнөттө тиешелүү сунуштарды берүү тапшырмасын койду. Ошондой эле сот приставдарынын сот процесстеринде адамдарды мажбурлап алып келүүнү камсыздоодогу жана тартипти сактоодогу өзгөчө ролу баса белгиленди.

Мындан тышкары, кеңешмеде соттордун материалдык-техникалык камсыздалышы жана судьялардын ишмердүүлүгүнүн шарттары боюнча маселелер каралды. Жогорку соттун төрагасына сот органдарынын административдик имараттарында жүргүзүлүп жаткан оңдоо жана курулуш иштери тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле сот тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин иштеп чыгууга өзүнчө көңүл бурулду.

Кеңешменин жыйынтыгында укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүнү талап кылган маселелер боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн зарыл болгон документтердин пакетин даярдоо тапшырмасы берилди.

Последние новости