www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында тиешелүү мамлекеттик органдардын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын катышуусунда жыйын болуп өттү. 

Отурумда өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилинен өткөрүүдөгү учурдагы абалы каралды. Бул багытта Энергетика министрлигинин баяндамасы угулду. 

Маалыматка ылайык, электр энергияны керектөөнүн көлөмү жогору болууда. Маселен, 2025-жылы республика боюнча энергиянын керектөө көлөмү 19,3 млрд кВтс түзгөн, бул 2024-жылга салыштырмалуу 900 млн кВтс көп. Керектелген электр энергиянын 15,4 млрд кВтс Кыргызстандан өндүрүлүп чыкса, калган 3,9 млрд кВтс импортолду. 

Аны менен катар быйыл Кыргызстанда, бүтүндөй Борбор Азияда суунун агымы аз болгону айтылды. Маселен, Токтогул суу сактагычында бүгүнкү күндө суунун көлөмү 9,102 млрд м3 түзсө, бул 2025-жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,631 млрд м3 аз топтолгон. 

Буга байланыштуу, адистер суунун аздыгынан электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү да төмөн болоорун коңгуроо кылууда. Ошол себептүү, бекитилген лимитти кармоо зарылдыгы белгиленди. Бирок анализ көрсөткөндөй, электр энергияга болгон лимиттер сакталбай келет.

Ал эми көмүр боюнча өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын бул жолку жылытуу мезгилдеринен ийгиликтүү өткөрүү үчүн республика боюнча 3 174,792 миң  тонна көмүр камдалышы керек болсо, анын кору жетиштүү. Бишкек, Ош шаарларынын жылуулук электр борборлорунда да көмүрдүн жана мазуттун кору жетиштүү. 

Отурумда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, Саламаттык сактоо, Агартуу министрликтери, Мамлекеттик чек ара кызматы, ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жылытуу мезгилинин учурдагы абалына токтолушуп, олуттуу маселе жок экенин билдиришти. 

Жыйын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, жылытуу мезгили учурунда тиешелүү делген бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери күчөтүлгөн режимде иш алып барууну тапшырды. Өзгөчө калкты жана социалдык маанидеги объектилерди толук кандуу отун менен жана үзгүлтүксүз электр жана жылуулук энергиясы менен камсыз кылынышын белгилеп, жакын арада аба ырайынын өзгөрүүсүнө карата даяр болууну тапшырды.

Последние новости