www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев берген сунуштары эске алынбагандыктан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна автор болуудан баш тартканын билдирди. Бул тууралуу ал 22-февралда парламентте сөз болуп аткан документ талкууланып жатканда учурда айтты.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылдын ноябрь айында коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Кийин депутаттар демилгечи болуудан баш тартып жатып, азыр 18 депутат автор болуп калды.

Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

“Адилет” укуктук клиникасы Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.

Жогорку Кеңештин да айрым депутаттары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын билдирип жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости