www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жумада Тажикстандын ондогон жарандары, айрыкча эркектер  Түркияга кирүүдө кыйынчылыктарга туш болушууда.

Алардын көбү Стамбул эл аралык аэропортунда кармалган. Айрымдары Тажикстанга кайтып келишсе, башкалары аэропорттун аймагында. Түркия менен Тажикстан окуя боюнча комментарий бере элек.

21-февралда «Озоди» радиосуна Тажикстандын кеминде төрт жараны Түркияга кирүүдө кыйынчылыктарга туш болгонун кабарлашты.

«Мен жана дагы бир нече адам Түркияга биринчи жолу учуп келгенбиз. Текшерүү учурунда түрк чек арачылары тажик каттамынан 30дай жүргүнчүнү, негизинен жаштарды бөлүп, өзүнчө бөлмөгө алып барышты. Алар бизге өлкөдөн чыгарыларыбызды кабарлашты», - деди атын атагысы келбеген жигит.

Чек арачылар мындай чечимдин себебин түшүндүрүшкөн эмес.

Кырдаал боюнча расмий түшүндүрмө болбогондуктан, кайтып келген тажик жарандарынын айрымдары бул чечим Стамбулда чиркөөгө жасалган чабуулга байланыштуу болушу мүмкүн деп жатышат.

Буга чейин түрк бийлиги 28-январда Стамбулдагы христиан храмына кол салган эки адамдын бири Тажикстандын жараны экенин билдирген. Башка маалымат берилген эмес.

2018-жылы Тажикстан менен Түркиянын ортосунда визасыз режим күчүнө кирип, бул өлкөлөрдүн жарандары бири-биринин аймагында 90 күнгө чейин жүрө алышат. Тажик жарандары Түркияга көбүнчө коммерциялык максатта барышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости