www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Алишер Мамасалиевди кепке тартып, айрым маселелердин алкагында ой бөлүштүк.

--Алишер мырза, “Чоң казаттын” аракеттери чоң талкууга жем таштады го. Аларды колдойсузбу?

--Албетте, мен да алардын көтөрүп аткан маселесин туура көрөм. Бирок, чыныгы максаттары азырынча мага түшүнүксүз. Эгерде бул алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу болсо башка кеп. Эгер «Чоң казат» мыйзам чегинде саясый люстрацияны жана Кыргызстанда мыйзамсыз мүлктөрдү конфискациялоону кааласа, анда бул таптакыр башка нерсе деп айтат элем.

--2010-жылдан кийин байыгандардын да байлыктары текшерилиши керекпи?

--Сөзсүз текшериш керек, бирок бул нерсе эң биринчи саясий эркти жана коомдук колдоону талап кылат. Экинчиси, сөзсүз түрдө тийиштүү мыйзамды кабыл алуу керек. Антпесе, мунун баары популизм сыяктуу кала берет. Маселен, Арменияда премьер-министр жана көпчүлүк коалиция мыйзамсыз мүлктү конфискациялоо боюнча мыйзамды колдоп, кабыл алышкан. Биз да ошентишибиз керек. Шайлоонун алдында гана ойгонбой.  

--Ушундай учурда премьер-министрдин эмгек өргүүсүнө чыкканы туурабы?

--Премьер-министр Абылгазиев өзү Баткенге барышы керек болчу, бул биз үчүн абдан маанилүү маселе. Анткени, премьердин ушундай оор кырдаал түзүлгөндө элине барганы да көп нерсени билдирет. Менимче, бүгүнкү күндө, Абылгазиев элдин гана эмес, президенттин да ишенимин жоготту окшойт. Муну өкмөт башчысы өзү да жакшы түшүнөт деп ойлойм. Ошондуктан жакын арада анын кызматтан кетет деп ойлойм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости