www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Өзбекстан менен болгон талаштуу чек ара маселелеринин чечилиши, бизге келечекте Тажикстан менен болгон чек ара маселесин чечүүдө жардам болот», - деди бүгүн, 30-мартта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Алишер Мамасалиев.
- Алишер мырза, маал-маалы менен ок атылып, чек арада маселе жаралганда бийлик чек ара маселесин чече албайт деп доомат койчубуз. 100 пайыз чечип келдик дешсе да, сынга кабылып жатышат. Элге жагыш үчүн чек ара маселесин өзүбүз эмес, сөзсүз кайсы бир мамлекеттин жардамы менен такташыбыз керекпи?
- Дүйнөлүк практиканы эске ала турган болсок, мындай регионалдык маселелерди жараткан чек арадагы талаштар эл аралык же болбосо, чоң өнүккөн мамлекеттердин Орусиянын же АКШнын катышусу менен чечкенге аракет кылышат. Бирок, андай мезгилде чек ара маселеси чоң геосаясатка айланат. Былтыр эле кыргыз-тажик чек арасында маселе жаралып, улам чыр чыгып жатканда, Кремль расмий түрдө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чечилбеген чек ара маселесин чогуу чечүү тууралуу эки мамлекетке тең сунуш киргизди. Бирок, Бишкек жана Душанбе бул демилгени колдогон эмес.
Ошондой эле, Алмазбек Атамбаевдин мезгилинде 2016- жылдын март айында кыргыз-өзбек чек арасында олуттуу чыр чыкканда Атамбаев ОДКБга кайрылууга мажбур болгон. Бул сапар отуз жылда чечилбеген чек ара маселесин Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев бүт саясий жоопкерчиликти моюндарына алып, чечүүнүн аракетин башташты. Бул эки тараптуу келишим Кудай буюруп ишке ашса, тарыхый окуя болот.
- Бирок, жер, суу сактагычтарды алмашуу жолу менен ишке ашат деп кооптонуп, ал турсун жаңы бийликти сындагандар четтен чыгып жатат го?
- Менимче, өз ара жеңилдиктер жер алмашуу болбосо, бул маселени эч качан өзүбүз чече албайбыз. Ансыз да чек арада чыр чыгып, ок атылган сайын ошол жердеги жарандарыбызды, чек ара кайтарган азаматтарыбызды ойлоп, жүрөгүбүз ооручу. Ошон үчүн ар кайсыны айтып, жаңы бийликке доомат койгондон мурун, чек аранын чыры жок чечилип жатканына кубанышыбыз керек.
- Бирок, суу сактагычтарыбыз кетип жатат деген дооматтар да эске алынышы керекпи?
- Албетте, эске алынышы керек. Менин түшүнүгүм боюнча азырынча эки тараптуу келишимдин долбоору гана бар. Ал бекитиле элек. Ал келишим Өкмөт, парламенттен колдоо табышы керек. Бирок, кандай болгон күндө дагы, мындай тарыхый келишимдерге кол коюлганда өлкөнүн ичинде гана эмес, айрым Азия өлкөлөрүндө да нааразычылыктар ар дайым болот. Биз аны унутпашыбыз керек.
Кыскасы, Өзбекстан менен болгон талаштуу чек ара маселелеринин чечилиши, бизге келечекте Тажикстан менен болгон чек ара маселесин чечүүдө жардам болот.
Булак: NazarNews.kg