www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Садыр Жапаров атаандаштарын бооруна тартып, кызмат бериши керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин” депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--“Оппозициядагы адамдар өздөрүнө баа берип анан бирөөнүн кемчилигин айтса болот эле. Өзүм эмне кылдым, эмне кыла алам деп суроо берип, анан оппазиямын деши керек. Садыр Жапаров атаандаштарын бооруна тартып, кызмат берип иштетүүсү абзел. Аларга дагы мүмкүнчүлүк бериш керек. Себеби, алардын арасында дагы мыкты жетекчилер, жумушуна так адамдар бар. Баарын эле “мага каршы чыкты, мени сындады” дебеши керек. Мен президентмин, мени эл шайлады, деп текеберленбей кыраакы болушу керек. Дүйнөдөгү президенттер эл башкарган адамдар көрөгөч болгон. Адамдарды айырмалап тааный билген. Мыкты адистерди өзүнө тартып, мамлекетке иштетип, алардын акылын, билимин пайдаланган. Президент болгондуктан көптү билүүсү зарыл. Китеп окуп, мыкты лидер, башкаруучулардан үлгү алганы туура”, - дейт экс-депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости