www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алишер Усманов немис банкын сотко берди

Өзбек тектүү миллиардер Алишер Усманов каржылык операциялар тууралуу “далилсиз билдирүүлөрдүн сериясын” жарыялады делген UBS Europe SE (мурдагы UBS Deutschland AG) компаниясын сотко берди. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы бизнесмендин адвокаты Стефани Рабенауга таянуу менен билдирди.

Усмановдун адвокаттарынын ырастоосунда, 2018-жылдан 2022-жылга чейин банк Германиянын каржы органдарына Усмановдун шектүү каржы операциялары тууралуу “негизсиз билдирүүлөрдүн сериясын” жөнөткөн. Мунун натыйжасында бизнесменге саясий өңүттөгү тергөөлөр башталган.

«Учурда банк өзүнүн шектенүүлөрүн тастыктаган эч кандай факты келтире элек», — деди Усмановдун жактоочусу.

Буга чейин Гамбург соту Tegernseer Stimme гезитине Алишер Усмановдун Баварияда вилласы бар деген маалыматты жарыялоого тыюу салган.

Усмановдун адвокаттары гезитти 2017-жылдагы макаласы үчүн сотко берген. Макалада бизнесмен дээрлик бир жыл бою Тегернси көлүнүн жанында «чоң виллага ээ болгон» деген имиштер бар экени айтылган.

2024-жылдын январь айында Гамбург соту америкалык Forbes журналына Алишер Усмановдун орус президенти Владимир Путин менен байланышы тууралуу маалыматты таратууга тыюу салган.

Басылманын анонимдүү экспертинин «Усманов бир нече жолу Путиндин абийирин жаап, анын бизнес-көйгөйлөрүн чечкен» деген сөзү ырасталбаганы белгиленген.

Сот Forbes журналынын Алишер Усманов «Мюнхенде кыймылсыз мүлккө ээ» деген билдирүүсүнө байланыштуу да ушундай эле чечим чыгарган. Сот басылмага чындыкка дал келбеген билдирүүлөрдү таратууга тыюу салып, тыюуну бузган учурда 250 миң еврого чейин айыппул төлөшү ыктымал экенин эскерткен.

2023-жылы августта Гамбург соту австриялык Kurier гезитин макаласындагы «Путин Усмановду жакшы көргөн байлардын бири деп атаганы» тууралуу маалыматты далилдей алган жок деп чечкен. Көп өтпөй Евробиримдик санкциялык тизмеге киргизилген орусиялык миллиардерлерди олигарх деп атабай калган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости