www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык жана австралиялык адистердин изилдөөлөрүнө ылайык, акыркы жүз жылдын ичинде, көптөгөн өлкөлөрдө аялдар эркектердей эле алкоголго берилип кетишкен. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, алкоголдун аялдарга тийгизген кесепети оорураак. Көбүнчө андан боор, жүрөк жана мээнин дарттары келип чыгат. Мындан тышкары, эмчек рагына кабылуу коркунучун жогорулатып жиберет.

АКШнын Улуттук саламаттыкты сактоо институтунун маалыматы боюнча, акыркы 15 жылдын ичинде кара сарыктан каза болгон аялдардын саны дээрлик 85 пайызга өскөн (эркектер арасында 32 пайыз).

Ага кошумча, алкоголь ичимдиктерин ашыкча ичип ооруканага түшкөн аял кишилердин саны да көбөйүүдө.

Белгилей кетсек, 1991-2000-жылдары туулгандардын арасында кыздар алкоголдук ичимдикти эркектер менен эле тең тайлашып ичип калганы белгиленет. Ачуу сууну ашыкча ичип каза болгондордун сап башында дагы алар турат.

Адистер белгилегендей, кыз-келиндердин организминдеги спирт эркектерге салыштырмалуу көптө барып тарайт. Ичимдикке жакын аялдар ага жашы өткөндө берилип баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости