www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сотторубуз аракеч болсо, прокурорлор паракеч болсо, милициябыз жапакеч болсо тойгон экенбиз жашоого, ансыз деле милициянын укугун прокурор, сотко алып берип жатып аларды пешкага айланттык. Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу Оңолбеков Дамирбек Чүй облустук сотунун судьясы ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул эмнени түшүндүрөт, анткени жаңы кодекс боюнча соттордун укугу көбөйгөнү менен судьялардын алкымдары куурап ичкиликке катуу берилчү болду. Колдору тырышып пара алчу болду. Шопурлар сыяктуу сотторду күнүгө «алкоголизмге каршы» текшерүүдөн өткөрүп турбаса мас соттор көбөйдү.

Судьялар кеңеши жүрүм-туруму талкууга алынган Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунушун президентке берди. 2021-жылдын 7-июнунда президент Садыр Жапаров катышкан сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынында кызуу болуп иш бөлмөсүнө кире албай жаткан аткаминердин видеосу көрсөтүлгөн. Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова тасмадагы адам Чүй облустук сотунун төрагасы экенин айткан. Президент Жапаров тасмадагы судья “мас болуп ишке келди” деп сындаган.

Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбеков видео чырынан кийин журналисттерге кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын айткан. Оңолбеков мурда Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун судьясы болуп иштеген. Ал Кыргызстандын тарыхындагы эң узак жана чуулгандуу апрель окуясын териштирип, 2014-жылы 25-июлда өкүм чыгарган. Анын негизинде мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси, Күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою сыртынан соттолгон. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев кызмат ордун мыйзамсыз таштап кеткен деп табылып, 10 жылга сыртынан кесилген. Ошол күнү жалпысынан 14 адамга өкүм угузган.

Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренесине шек саналып кармалган Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиев УКМКнын тузагына түшкөн. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Камил Осмоналиев киреше булактары жок туруп көптөгөн кыймылсыз мүлктү, Ысык-Көлдүн жээгинен абройлуу пансионаттардан коттедждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алган.

Мыйзамсыз тапкан мүлкүн башка кишилерге каттатып, өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана башка мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турган. Бул ортодо ал коммерциялык ишканалардын бирине биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык акча бергени маалым болгон.

Ошондой эле өзүнүн чечими менен Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн мамлекеттештирүү боюнча 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн декретин жокко чыгарып, мамлекеттик казынага миллиондогон сом чыгым келтирген. Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда тапкан кирешесине жараша жашабаган шектүү судьялар бар экенин айтып, мындай фактылар иликтенерин билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, муфтий үчөө «кимибиз улукбуз»-деп талаша кетет. Мечитке барышса муфтийге «урматтуу таксыр» деп кайрылышат экен, сотко барышса, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага «Улуу даражалуу сот» - деп тосуп алышат. Камчыбек Ташиев бет келген фирмага кирип барса, «Оо, кудайым ай»- дешет: «Оо, кудай, дагы эле УКМКдан келдиңизби?»

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соттордун айыбын ачып, 100 миң долларлык «джиптерде» жүрөрүн, хансарайларда жашай турганын айткан. Карапайым калк тишинин кирин соруп жашап жатканда бул көрүнүш кандай? Анан калса, алардын шубасы 5 миң доллар, өтүгү 1 миң доллар экенин да жашырган жок. Соттордун адилетсиз, мыйзамсыз чечимдерди чыгарышканы пара алууга байланыштуубу? Деги эле Ташиев тоңгон музду жара алабы? Же «ириген системанын» курмандыгы болобу?

Эми ачыгын айтыш керек, көптөгөн жактоочулардын жана сот системасындагы катардагы кызматкерлердин байкоосунда, судьялар чындап эле Камчыбек Ташиев айткандай, бери дегенде 50 миң долларлык машине минип жүрүшөт. Жашаган жерлери эки-үч кабаттуу чоң хансарайда же баардык шарттары менен кымбат батирлерде күн кечиришет.

Балдары чет өлкөлөрдө же бизде карапайым үй-бүлө баш багалбаган ЖОЖдордо окушат. Бул боюнча бир кезде коомчулукка жар салып: «Булар мындай акчаны кайдан табышат? Эмне үчүн булардын жашоолору майталкан?» деп жазып, айтып чыккам. Бул боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич чара көрүп баштаганы көзгө көрүндү.

Менимче, эгер ушул темп менен алдыны көздөй кетип отурса, коррупция менен шугулданган бир канча сотторду камакка алчусун камакка алып, «кустурчусун кустурат». Ошону менен бирге сот системасында алдыга жылыш болот деген үмүттөмүн. Муну эмнеге ишенимдүү айтып атам? Өз көзүм менен көрүп, мындай иштерге аралашып жүрөм, реалдуу «акулаларды» кармап жатат.

УКМК тарап сотторду текшерип жатат. Эл тойсо да соттор тойбогон немелер экен, булар чалчаңдашып чет мамлекеттен эс алышат экен. Кечээ эле дагы бир сот үй-бүлөсүн алып Дубайга кетип калыптыр. Жакында кармалган соттун 20 батири бар экен. Бул эмне деген шумдук. Соттордун шубасы 5 миң доллар (415 000 сом) , өтүгү миң доллар (83 000 сом) экен. А унаасы 100 миң доллар(кийип 8 млн 300 миң сом). Ушулардын ана башы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголуп кызматынан кетти. 61 жаштагы Гүлбара Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп 2018-жылдын сентябрь айында дайындалып, 2021-жылы кетти.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынында Гүлбара Калиевага «Жергиликтүү сот» деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү кылмыш ишине тийиштиги бар экенин кабарлаган. Бул иште мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирилген.

Жогорку Сот күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциби болушу керектигин эскертип, жарандын айыбы далилденип, сот өкүмү чыкканга чейин ал күнөөсүз деп саналарын айтууда. «Жергиликтүү сот» деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүү боюнча долбоор Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү» программасынын алкагында жасалган. Тендер өткөрүү, аткаруучу компанияны тандоо иши эл аралык уюм тарабынан жүргүзүлөт. Андыктан Жогорку соттун жетекчилигинин жана кызматкерлеринин айтылган айыптоого тиешеси жок», — деп айтылат маалыматта.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости