www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасын кароо 13-июлга калды

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасын кароону 13-июлга жылдырды. Буга айыпталуучунун адвокаттарынын процессти жылдырып туруу жөнүндөгү арызы себеп болду.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Салиевди 16-июнда камаган жана ага “мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып койгон. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Райондук сот Салиевди 16-августка чейин тергөө абагында калтырган.

УКМК Салиев Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишкени, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган.

Ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын аягынан 2020-жылдагы октябрь окуяларына чейин иштеген. Бул кызматта турганда анын дарегине "бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт" деген сын-доомат айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости