www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абхазиядан аткезчилик жол менен автоунааларды ташып келүү схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-июнда "Чалдыбар-Унаажолу" өткөрүү пунктунан "Вольво" жүк ташуучу унаа менен 8 жүргүнчү ташыган автоунааны ташып келе жаткан Кыргыз жараны И.Т. кармалды.

Ошол эле автоунааларды текшерүүдө төмөнкүлөр табылды:

  • Абхазия Республикасынын мамлекеттик автоунаа номерлеринин 8 документи;
  • Абхазия Республикасынын автоунааларын каттоонун 8 күбөлүгү;
  • Армения Республикасынын мамлекеттик каттоо белгилеринин 10 жасалма документи;
  • Армения Республикасынын автоунааларын каттоонун 10 жасалма күбөлүгү;
  • Кыргыз Республикасынын УКМК чек ара кызматынын мамлекеттик 1 жасалма номери.

Андан кийин, 8 автоунаасы менен "Вольво" маркасындагы автотрал, айып унаа токтотуучу жайга киргизилди.

УКМК ЕАЭБ Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелерине ылайык, Абхазия Республикасынан бажы жол-жобосуз алынып келинген автоунаалардын иштөөсү мыйзамсыз экендигин эске салат. Унааны ЕАЭБ аймагына ташып келүүдө, бир жылга берилген убактылуу бажы декларациясын толтуруу керек, андан кийин бул унаа ЕАЭБдин аймагынан чыгып кетиши керек, же бажы жол-жобосунан өтүшү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости