www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башы шайлоо округунан Шайлообекович Шаки 19-ноябрь, саат 12де кызына күйөө издеп кастинг уюштурат. Кастингди көзөмөлдөгөн Балбак Түлөбаев депутаттыкка «Ынтымак» партиясынан талапкер. Кастингге катышуунун шарттары: казак, орус, өзбек, уйгур - ким болсо бары бир, башкысы - капчыгында миллиондогон акча чубуруп турсун.
Баса, Шайлообекович Шаки эне жагынан уйгурларга барып кошулат, ошол үчүн кыргыз эмес болсо да бары бир деп жатса керек. «Өкүл ата өз ата, өлүп кетсин кайната» - дейт өкүл ата боло турган Аскар Салымбеков да - Шакинин жердеши, олигарх, анын иниси да бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкер.
Анын: «Атамбаевдин аялынын туулган күнүнө 3,5 млн долларлык вилла «подарить» эткен эмесмин» - дегенине ишенсе болот. Эмне, Атамбаев көз кысып койсо, Кой-Таштагы вилласын салып берген Шайлообекович Шаки беле? Салымбеков Акаевди, Бакиевди, Отунбаеваны, Жээнбековду ойнотуп «Дордоюн" эч кимге бербей келатат. Ага Бабановдой кылмыш ишин козгоп, бизнесин тартып алуу аракеттерин да баштоо мүмкүн.
Атамбаевге хансарай куруп «Кыргызстан» партиясын бутуна тургузган Шаки партиянын багын кайрадан ачканы турат. Атамбаевдин иши бүткөнү - «Кыргызстан» партиясынын да иши бүтүп, тарап кеткен. Шаки партиянын символун алмаштырып «Кыргызстанга» орустардын аюусун мингизди. Аюу - орустардын символу, кытайлыктардыкы - ажыдаар, Американыкы - бүркүт. Аюуну символ катары Орусиянын «Единая Россия» партиясынын гербинде жүрөт.
Андан тышкары, АКШнын Калифорния штатынын гербинде бар, бул штаттан 80 миллиардер, 660 миң миллионер чыккан. «Аюуда» бир миллиардер Шаки жана бир миллионер Балбак Түлөбаев болсо, Балбагы Шакинин колунан эч нерсе келбей калды деп дыргаяктаган бойдон «Ынтымак» партиясына кирип кеткен.
Бирок Шакиге болгон эски достугу эске түшүп күйөө бала издөө боюнча кастингге көз салат. Мындай «Күн тийген жердин күкүктөрүнөн» алысташ үчүн Шаки «Кыргызстан» партиясына жаңы символикаларды кабыл алды. «Кыргызстанга» болсо Шаки орустардын аюусун мингизген.
Эми «Кыргызстан» партиясынын үстүнөн аюу минип турат. Андан тышкары, Шакинин «Аю» арагында аюунун сүрөтү болсо керек. Шаки менен «Кыргызстан» партиясынын жаңы лидери Нурлан Абдыразаков бул партияны тазалап, жаңыртмак болушту. «Кыргызстан» партиясы Шаки тарабынан СДПКга клон партия катары 2015-жылы түзүлгөн.
Ошол эле жылы парламентке өтүп, мамлекеттеги эң үлкөн кызматтарга Шаки кожоюндук кылып көз салып турду. Быйыл Садыр Жапаров кол куушуруп келсе да кошпой койсо керек, алгач «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев бир мандаттуу округдан талапкер болду, анан Шаки өзү Салымбековдор менен күч сынашам деп Ат-Башыдан опурулуп чыкты.
Эми «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаевди «көчүккө тээп» ордуна «Кыргызстан» партиясынын лидерлигине «Аюудагы» орунбасары Нурлан Абдыразаковду алып келди. Саясатта аты-жыты болбогону менен, теңдеши жок кошоматчы талантына кол шилтеген Нурлан Абдыразаков.
Азыркы партияга көз жүгүртүп, «Анжиянда кызым бар, ал да менден шалаакы, Бухарада кызым бар, бу да менден шалаакы» дегендей эле. Башчылары акча дегенде оңкосунан кеткен бизнесмендер болсо, аягы эшик ырчы менен бүтөт. Нурлан Абдыразаковдун кошоматчылык талантын эч ким танбайт.
Канат Исаев экөө кыргызга чанда келүүчү таланттардан. Канат Исаев менен Шаки экөө жетелешип, «Кыргызстан» менен парламентке келген. Канат Исаев эми эки жагын карап, кол шилтеп кете берди. Шаки болсо балга жабышкан аарыдай бийликти шап кармады.
Жапаровдук бийликке деле бир «шут» керек болчу, көңүл ачаарда ырдатып, бийлетип койгонго. Бул ролду так аткарган Шаки Жээнбековдор менен куда болом деп жулунуп жүрүп, түз эле достору вице-премьер-министрге жеткенде топ этип учуп түшпөдүбү. Бактысы бар экен, кийинкилерге да куда болом деп жулунуп жүрүп депутат болууга укук алды.
Бир окуя эске түшөт, 2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийлик башына келет. 2007-жылы СДПК партиясынан депутат болгон, азыркы «Ата-Журт» партиясынын мүчөсү катары депутаттыкка талапкер Кубаныч Кадыров чет мамлекеттен качып жүргөн жеринен Кыргызстанга келет.
Ал Ички иштер министрлигинде эң кубаттуу орунду ээлейт. «Аю» деген аракты чыгарган мульти-миллиардер Шакинин тамырын тартып «сындыргысы» келет. Элдин айтуусунда 500 миллионго «сындырат». Барыбызга белгилүү арак магнаты Шаки Бабановго ыйлап барып бул ишти жаптырат.
Бабанов канча акча менен жапканы белгисиз, бирок Шаки «Республика» партиясынан Бабановдун далдалоосунда депутат болот. «Республика» партиясына башын катып жүрүп, Шаки Атамбаевге барчу жолду табат. Шаки Кой-Таштагы ал кездеги президент Атамбаевдин хан сарайын курууга спонсор болуптур деп айтылат.
Канча миллионго спонсор болгону тактала элек. Бирок Атамбаев жыдып түшөөр менен Шаки кубулуп, Жээнбековдун командасына кошулуп, 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо бийликтин чоорун созуп калган. Бирок ал шайлоо жарабай калды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg