www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Же Ж. Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетиндеги коррупциялык иштер жөнүндө

Мурдагы убактарда азыркы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университет жогорку кесиптик билим берүүнүн, илимдин флагманы болсо, акыркы жылдарда ЖОЖдордун арасындагы чыр-чатактардын, жаңжалдардын жана мыйзамсыз иштердин флагманына айланып кеткендигин, тилекке каршы, терең өкүнүү менен констатациялаганга аргасыз болуудабыз. Улуттук Университетти ушундай акыбалга жеткирген аталган Университеттин декандарынын бири – экономика факультетинин деканы Эркин Кулова.  Алсак, КУУнун экономика факультетинин сырттан-дистанттык окутуу бөлүмүнүн менеджери Айнура Осмонова студенттерден 35 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, иш орду текшерилгенде столунун тартмасынан 300 миң сом да чыккан.

Аталган кылмыш иши социалдык тармактар аркылуу чагылгандай тез тарап, кылмыш жазыктарды бирдиктүү каттоо реестрине катталганы, А. Осмоновага кылмыш иши козголуп убактылуу кармоо жайына эки айга киргизилгени калайык калкка дайын болгон. Бирок бүгүнкү күнү менеджер Айнура Осмонова убактылуу кармоо жайынан Эркин Кулованын жардамы чыкканын Айнура Осмонова өзү  элге жарыялап, ал эми декан Эркин Кулова «Бизде каражат, убакыт жана бардык мүмкүнчүлүктөр бар» деп, укук коргоо органдары коррупцияга белчесинен батканын ооз көптүрө сүйлөп, анын укук коргоо органдарынын кайсы деңгээлдегиси болбосун «жең ичинен сүйлөшүп»,  кандай гана кылмыш иши болбосун аягына чыгараарын  элге  шардана  кылып жүргөн чагы.

Эмне үчүн тийиштүү органдар тарабынан бирдиктүү реестрде катталган коррупциялык иштин сотко жетпей калганын текшеришпейт жана коррупциянын гүлдөп өнүгүшүнө жол ачып, укук коргоо органдарына көлөкө түшүрүшөт?

Аталган кылмыш иши ММКларга чыгып, эртеси күнү журналисттер интервью алышканы экономика факультетине келишип, видеодо тартылган кабинетти таппай калышкан, себеби, амалкөй декан Эркин Кулова көз боёмочулук, буйдаламай иштерине абдан машыккандыктан, факультеттин көрнөктөрүнүн баарын түнү бою алмаштырып, алардын ордуна жаңы  көрнөктөр  илингендиктен журналисттер таппай калышкан.

Бизге экономика факультетинин бир топ окутуучулары келишип, алар андагы жогорудагыга окшогон коррупциялык көптөгөн фактылар, мыйзам бузуулар ушул кезге чейин болуп, убагында кылмыш иштери козголуп кайра жабылып келгенин айтып беришти. Ал фактылар боюнча маалыматтар тийиштүү жогорку органдарга белгилүү,  бирок  эч кандай чаралар көрүлбөй, тескерисинче Эркин Кулова  факультетти менчигиндеги күркөдөй кылып ээлеп, өзүм билемдик менен башкарып келатат. Сөз Эркин Кулованын факультетте  коррупцияны гүлдөтүп жаткандыгы тууралуу  болмокчу.

Мурда экономика жана финансы институтунда студенттердин саны 10 миңден ашкан мезгилде 5 менеджер гана иштесе, азыр 3,5 миң студенти бар экономика факультетинде штаттык 9 менеджер эмгектенишет. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, мынча менеджерлер бир факультет түгүл, чоң ЖОЖго деле көптүк кылат. Алардын болгон милдеттери студенттерден контрактык акчаларды чогултуу жана ведомостторго мугалимдердин колун койдуруу менен гана чектелсе, алардын санын эмне үчүн декан Эркин Кулова күн санап  көбөйтүүдө? Алар  эмне менен алектенишет? - деген суроолор өзүнөн өзү жаралбай койбойт.

Менеджерлердин басымдуу көпчүлүгү декандын туугандары. Ал эми жогоруда аты аталган менеджер Айнура Осмонова декан Эркин Кулованын бир тууган жээни. Ар бир менеджердин ар бир сессиядагы “планы”  бар экендиги  жана алар негизинен сессияларда сабакка келбеген студенттерден зачёттор, экзамендер үчүн акча жыйнашып, аларды Эркин Кулова  менен ич ара бөлүшүп  жүргөнү  факультетте иштегендерге жана анда билим алып жаткандарга  жакшы   маалым.

Факультеттин күндүзгү, сырткы бөлүмдөрү бар, сырттан окугандардын көпчүлүгү факультетке келбей, менеджерлерге акча берип жүрүп эле сессияларды бүткөрө беришет. Алардын арасында декан, өздөрүнө тийиштүү кафедралардын башчылары, окутуучулары кимдер экендигин билбегендер четтен кезигет. Көпчүлүгү Россия, Казакстанда, айрымдары андан да алыс жактарда жүрүшсө, эртеден кечке чейин базарларда отурушса, кайдан билишет? Анда-санда адашпай университетти таап келип жатышкандары да чоң иш. Күндүз окугандар деле сырттан окугандардан айырмаланышпайт. Адатта лекциялар түгүл, семинарларга деле тизмедегилердин жарымы келсе келет, келбесе жок. Анткени, зачёттордон тартып, рефераттар, курстук, дипломдук иштер да акча менен гана бүткөрүлгөндүктөн, студенттер окуунун зарылчылыгы жок деп эсептешет. Башка окуу жайларынан студенттерди аталган факультетке которуу да акча аркылуу гана жүргүзүлөт. Аны менен декандын эң жакын адамдарынын бири - Н.Сулайманова иш алып барат. Ал зачёттук китепче менен факультеттеги айырмачылыктарды өзү чыгарат, кафедралардын өкүлдөрүн катыштырбайт. Эң башкысы, которулгандар академиялык айырмачылыктарды кайсы окутуучуларга тапшыртууну да өзү чечет. Адатта ал окутуучулар декан Эркин Кулованын ишениминдегилер гана болуп саналат. “Макроэкономика”, “Финансы” сыяктуу предметтер боюнча курстук иштердин карыздары үчүн 1000 сомдон чогултат. Ал курстук иштердин бар-жогун, кандай темада жазылганын, ким тарабынан кабыл алынганы, кайда сакталарын эч ким билбейт. Курстардын менеджерлери Н. Сулайманова менен биргеликте предметтер боюнча кайра тапшырууларда кабыл алуучу комиссиялардын мүчөлөрүн өздөрү аныкташып, ал топтордо сабак өткөн окутуучулардын менеджерлерди укпагандары ага катыштырылбайт.

КУУнун Уставына ылайык, декандын негизги милдети - билим берүүнүн 580100 “Экономика” багытындагы программасын толук көлөмдө уюштуруп, ишке ашыруу болуп саналат. Иш жүзүндө факультеттин экономика багытындагы программаны ишке ашырууну, окуу пландарын иштеп чыгуу, аны ишке ашыруу, окуу процессин, окуу-усулдук иштерин, окуу-усулдук кеңешин жетектөө башкы адис -  эч кандай илимий даражасы жок Н. Сулайманова жетектейт. Мындай кызматтарды башкы адис тарабынан аткарылышы КУУнун Уставына да, Министрликтин кесиптик талаптарына да ылайык келбейт. Факультетте мына ушундай өзүм билемдиктин өкүм сүргөндүгүнөн улам окутуу пландарын иштеп чыгып, аткарууда мамлекеттик стандарттар сакталбай калган. Маселен, Дүйнөлүк экономика профилине окуган студенттерге “дүйнөлүк экономика”  сабагы 4-курста окутулуп, калган негизги профилге тиешелүү сабактар акыркы 4-курста гана окутулган. Ошентип, Э. Кулованын өзүм билемдик менен башкаруусунун натыйжасында Мамлекеттик билим берүү стандарттары одоно бузулууда.

Өкмөттүн 2016-жылдын 29-сентябрындагы №670-токтомунда талап кылынгандай, факультет программалардын, окутуулардын натыйжалуулары боюнча иш берүүчүлөрдүн арасында жылда мониторинг жүргүзүп турууга тийиш болсо, ал таптакыр аткарылбайт. Программаларды өркүндөтүү максатында студенттердин, иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрү иликтенип, үйрөнүлбөйт. Студенттердин билимдерин баалоонун заманбап жаңы ченемдери киргизилип, ал студенттерге жеткирилбейт. Азыр алдыңкы ЖОЖдордун бардыгында окутуу топтордун, жекече студенттердин муктаждыктарын, талаптарын, өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт, бирок аталган факультетте ал да жок. Азыр бардык жерде маалымдуулукка, керектөөчүлөр, эл менен болгон байланышка өзгөчө маани берилет. Тилекке каршы, факультет сайтына эрежелери, окутуучулардын квалификацияларын жогорулатып, сабактардын сапаттарын жакшыртуу, тартипти чыңдоо ж.б. аткарган иштери боюнча эч кандай маалыматтар жарыялабайт. Бардык мамлекеттик органдарда коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү азайтып, андай көрүнүштөргө аралашкандардан тазалоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатса, КУУнун Эркин Кулова жетектеген экономика факультетинде коррупция гүлдөп, өсүп өнүгүп гана баратат. Факультетте 150дөй адам иштесе, алардын кырктан ашууну декандын ишине нааразы экендиктерин билдиришкен. Алардын кол койгон кайрылуулары, арыздары бизде турат. Бул боюнча алар ректор Канат Садыковго да кайрылышкан экен, андан азырынча жооп боло элек. Өзүнүн мындай кол тийбестигин Эркин Кулова мурда тар чөйрөлөрдө акчасы көптүгү, мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаева менен жакындыгы менен түшүндүрүп келсе, ушул жылдын мартында Атамбаевдердин үй-бүлөсү менен Өзбекстанга эс алууга барып келгенден кийин ага каршы сүйлөгөндөрдү Раиса Атамбаева менен Ташкентте бирге түшкөн сүрөтүн көрсөтүп: “Жакында Жээнбековуңардын бийлиги кулап, анын ордуна Атамбаевдин чыныгы кадрлары келет, оолукканыңарды ошондо көрөм. Мени кетиргиси келгендер менен ошондо эсептешем” деп коркутканга өтүптүр.

Жогорудагы келтирилген фактылардан кийин Э. Кулованын Экономика факультетин башкарууга жана  ЖОЖдо иштөөгө моралдык укугу барбы? Ага ректораттын алы жетпесе, анын маселесин билим берүү министрлиги карабайбы?! КУУда экономика жаатында адистерди даярдаган азыр бир нече  факультеттер бар. Ансыз деле экономика жана финансы жаатына адистешкен ЖОЖдор көбөйүп, ал эми Кыргызстан экономисттер менен эсепчилерди, финансисттерди батыра албай жатканда, КУУда бул багытта мындай  факультеттерди кармоонун зарылчылыгы барбы? Деги билим берүүнүн эмес, коррупциянын, терс көрүнүштөрдүн флагманына айланып бараткан КУУда реформалар качан башталат?

Президент Сооронбай Жээнбеков  коррупцияга каршы күрөшүүнү башкы милдет катарында жарыялап, ырааттуу иш алып барып жатканда КУУнун экономика факультетинде коррупциянын өркүндөп, өнүгүп  жаткандыгын кандайча түшүнүүгө болот? Деги тийиштүү органдар кай жакты карап отурушат?

Булак: “Майдан. kg” 

Последние новости