www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир мандаттуу бир турда чечилет дегени бир жагынан жакшы, экинчи жагынан начар. Бул тууралуу мурдагы спикер, мурдагы биринчи вице-премьер Алмамбет Матубраимов NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
-Аралаш система канчалык деңгээлде бири-бирине туура келет? Бир мандатту округдан бир эле тур болот дейт...
-Бир мандаттуу бир турда чечилет дегени бир жагынан жакшы, экинчи жагынан начар. Канткенде да элдин көңүлүнөн канча пайызын алат? Кандай болот? Бул жерде ар ким барып өзүнүн туугандарына, жердештерине айыл өкмөттөргө бөлүнүп район ичинде карама-каршылык алып келип койбойт болду бекен деген дагы маселе болуп жатат.
Алар кийин мени шайлаган эмессиңер деген сөзгө чейин барышы мүмкүн. Бул жерде өтө катуу тирешүү бирок өтө катуу талап, өтө катуу сыноо болгону турат. Бул бир мандаттык округдардан.
Дүйнө жүзүндө орточо алганда дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде 100 000 киши шайлоочудан бирден киши аттанат. Бизде деле азыр ошондой бирден киши аттанып жатат.
Экинчи жагынан алганда партиялык тизме менен барганда бул жерден “персонифицированный” болуп калды. Ошол партиядагыларды кантип түшүндүрө алат? Дагы эле менин оюмча мурункудай эле болот.
Ар бир партиянын мүчөсү өзүнүн кичи мекенине барып, мен ушул партиядамын, ушунча номер менен бересиң деп куда-сөөк, туугандарына айтып жата, мына ушундай шайлоо жүрүп жатат. Ошондо да калыстык кандай болот, кандай чечилет?
Бирок ошол партиянын ичинен кимди кантип тандайт? Бул дагы өтө кооптуу болуп турат, ушул жерден да чыр чыгабы чыкпайбы дегендей. Ошондуктан, атайын пропагандалап ар бир кишинин тизмесин айтып телерадиодон элге көргөзгөнгө мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек.
Ошондо гана Кыргызстан эли кимди шайлайт? Канчанчы киши? Ким кандай татыктуу экенин шайлашат. Бирок азыр элдердин ичинде кичине болсо дагы ишеним пайда болуп калды. “Бизге тандоого мүмкүнчүлүк берди, жок дегенде таза татыктуу кишини шайлоого мүмкүнчүлүк түзүп берди” деп айтып жатышат.
Бирок акыркы чечимди сот чыгарат. Ошондуктан, соттун чечимине сөзсүз нааразы болгондор да болот, ыраазы болгондорда болот. Андыктан, талаш-тартышта деле чындык жаралат дегендей талаш-тартышта деле көпчүлүккө баш ийип ушундай шайлоого келдик.
Мындай карап көрсөңөр мурунку шайлоого катышкан партиялардын бири дагы өзү жеке ошол партия менен кеткен жок. Ошондуктан, бул жерде акчасыз шайлоо болот дегенге толугу менен ишене албаймын.
Эмне үчүн ишене албаймын? Себеби азыр бизде социяалдык акыбал абдан кыйын. Бул биринчиден, баалардын өсүшү. Экинчиден, бизде бюджеттик мүмкүнчүлүктөр жок. Үчүнчүдөн биздин экономикабыз артка кетип, элдер жардамга муктаж болуп турат.
Мындайча айтканда биз дүйнө жүзүнөн изололяция болуп калгандайбыз. Пандемия оорусу көптөгөн мамлекеттер менен карым-катнашты токтотуп койду. Ошондуктан, малекет тез арада реакция жасап мамилени сөзсүз түрдө контролго алып туруш керек деген ойдомун.
Булак: NazarNews.kg