www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында "Күрөө жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралып, анын концепциясы жактырылды.

Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн башкы максаты насыя алуучунун жоопкерчилигин жогорулатуу менен катар, карыз төлөө маданиятын калыптандыруу жана күрөөгө коюлган мүлктү калыс баалоого жетишүү экенин айткан демилгечи депутаттардын бири Алмамбет Шыкмаматов: "Ири көлөмдөгү насыя алууда күрөөгө көпчүлүк учурларда кыймылсыз мүлктөр коюлат. Бирок, насыяны төлөй албай калган жагдайда күрөөгө коюлган мүлк туура эмес бааланып калган мисалдар арбын. Андыктан, мыйзам аркылуу күрөөгө коюлган мүлктү баалоо тартибин жөнгө салуу керек. Тагыраагы, карызды төлөй албай калган шартта күрөөгө коюлган мүлктү базар баасында баалоо үчүн көз карандысыз баалоочуларды катыштыруу шарт. Андан тышкары, күрөөгө коюлган мүлк сатылгандан соӊ карызды карыз толук кайтарылгандан кийин калган акчаны ээсине берүү эрежесин киргизишибиз зарыл", - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости