www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмамато соттун «Кумтөр» компаниясын дээрлик 3 млрд доллар айыпка жыккан чечимин колдой турганын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы 2005-2010-2015-жылдардагы саясий окуялардын 3 себеби болсо, анын бири — «Кумтөр». Учурда кенде дагы 700 тоннадай алтын бар. Демек, Кыргызстан дагы далай жылдар компания менен мамиле түзүп, жашашы керек. Бирок тарыхый адилеттүүлүктү орнотуп албасак, өткөн жылдардагыдай саясий окуялар, элдин нааразычылыгы эч качан токтобойт.

«Бул — элдин адилеттүү нааразычылыгы. Башында «Кумтөр» — 33 %, кыргыздар 67% үлүшкө ээ болгон. Кийин бийликтин төбөсүндөгү коррупциялык алыш-бериштин айынан бизде 33%, аларда 67% үлүш болуп калды. Ошону менен бир жылы дивиденд алсак, башка жылы албай калып атабыз. Ар кандай шылтоо менен дивидендди да көрсөтпөйт. Алар баарын келишимдер менен мыйзамдаштырып алган. «Кумтөр» — эл аралык компания, эл аралык компания эл аралык мыйзамдар менен иш алып барышы керек. Эл аралык мыйзамдар боюнча, компания эч качан коррупциялык иштерге аралашпашы керек эле. Эгерде аралашса, ошол өлкөдөгү мыйзамдын эрежеси менен жооп бериши керек. Алар көп аралашып алды, пара бергени үчүн үлүшү көбөйүп кетти.  Экинчиден, «экологияга зыян келбеши керек» деген норма бар. «Кумтөр Голд компани» алтын казабыз деп Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалады. Алар менен мыйзам тилинде сүйлөшүп, тарыхый адилеттүүлүктү орнотуп алышыбыз керек», — дейт Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов.

Ал буга чейин жылда «Кумтөр» боюнча парламенттик комиссия түзүлүп, бирок аягында «жабылуу аяк жабылуу боюнча калып жүргөнүн» белгиледи.

«Бул жолу мамлекет чечкиндүү кадамдарга барып жатат», — дейт министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости