www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусу Арзыбек Буркановдун жеке фирмасыбы?

Кызык. Баткен облусун өнүктүрүү жана кайра калыбына келтирүү дирекциясына Мамыржан Рахимов дайындалды. Өздүк булагыбыздын билдиргенине караганда, бул адам Арзыбек Буркановдун жакыны, классташы экен. Береги кызматка келгиче ал Баткен шаарынын мэри эле.

Бошогон орунга Буркановдун дагы бир досу Акылбек Орозов мэрдин милдетин аткаруучу катары дайындалды. Жаңы барган губернатор Абдикарим Алимбаев контрабандага, кылмыш иштерине шектелип, арты таза эмес экени ачыкталды. 1-орун басары Марип Тулаев Буркановдун мурдагы шопуру...

Башта Садыр Жапаров айткан кадрдык ротацияны Улукбек Марипов уруп ойнобой, аймактарда жердештик, кландык, кол ийрисине тарткан саясатка ык коюшту.

Кыскасы, чиеленген мафия генерал Суваналиевди Баткенден кетиришип, тойлошуп, эми контрабанда, баңгизат менен каалашынча жыргашабы? А эл болсо томсоруп ачка отурат...

Булак: Азия News гезити

Последние новости