www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– 2017-жыл кирип келе жаткан Жаңы жылым тосулбай калган. Дал ошол күнү достордукуна конокко бардык. “Саат 12ге 40 мүнөт калганда чыгып, үйлөрүбүзгө жетишип калалы”, - деп сүйлөшүп жатканбыз.

Убакыттын өткөнү билинбей, кетели деп эшикке чыксак салюттар атыла баштаптыр. Көрсө, сааттын жебеси 12ге жакындап калган экен. Машинеге олтуруп эле үйгө жөнөдүк, бирок саат дал 12 болгондо көчөдө калдык. Жаңы жылды үйдө дасторкондун четинде жайбаракат отуруп жакшы маанай менен тосуш керек деген сөздөр чынбы деп калдым.Дасторкон деген насип, ырыскы, кут да, а биз дасторкон жок көчөдө калдык.

Ошондон уламбы деп калам, 2017-жыл мен үчүн абдан кыйын болду. 17-февралда мага кылмыш иши козголгон, 19-декабрда өкүм чыкты.

Бир жыл бою душманыма да каалабай турган тозокту көрсөтүштү.

Булак: "lady.kg"

Последние новости