www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-мартта Алматы шаардык акимчилигинин алдына чогулган активисттер президент Касым-Жомарт Токаевдин атына кат жолдоп, Кытай менен чек араны жабууну жана бул өлкөдөн азык-түлүк алып кирүүгө тыюу салууну өтүнүштү. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Мамлекет башчыга жолдонгон катта ошондой эле коронавирус тууралуу журналисттерге толук маалымат берүү жана илдетке каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар үчүн коротулган каражат боюнча ачык отчеттун болушу сыяктуу талаптар жазылган.

— Биздин катта Алматы акимчилигине байланышкан талаптар да бар. Ошондуктан катты акимге бердик. Сагинтаевден жооп күтөбүз. 13-мартта кайра келебиз, — деди активисттердин бири.

Казакстан буга чейин Кытай менен автотранспорт, Иран менен аба байланыштарын токтоткон. Мындан тышкары Түштүк Кореяга жасала турган аба каттамдарынын санын азайткан.

8-марттан тарта Казакстанга Кытайдын, Ирандын жана Түштүк Кореянын жарандарынын киришине тыюу салынат. Мындан тышкары Каспий деңизинде Азербайжан менен Ирандан келген кемелерди тейлөө убактылуу токтотулат.

5-мартта өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов учурда Казакстанда миңге жакын адам карантинде экенин билдирген. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирус жуктурган адамдар жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости