www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда дагы бир кыргызстандык кармалганы айтылат

Тышкы иштер министрлиги Казакстанда дагы бир кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков кармалды деген маалыматты текшерип жатат. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда 46 жаштагы Чолпонбек Сыдыковдун кармалганы туурасында маалымат тараган. Анын алматылык жакын санаалаштарынын бири Айгүл Сартбаева ал Алматыда эмерек чогултуп иштеп жүргөнүн айткан. Ал эми 8-январь күнү жашаган жериндеги убактылуу каттоосунун мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу Бишкекке кетүүнү чечкен.

Сартбаеванын айтымында, күч түзүмдөрү аны шаардан чыгып жатканда кармаган.

Ошондой эле ал кыргызстандык кишинин башаламандыкка аралашпаганын, муну далилдөөчү күбөлөр бар экенин белгилеген.

"ТИМ маалыматты текшерип жатат. Чолпонбек Сыдыковдун кармалганы тууралуу тастыкталган маалымат жок. ТИМдин линиялары аркылуу аны издөө боюнча бардык чаралар көрүлүүдө", — деп билдирди министрлик.

Белгилей кетсек, 15-январда, Казакстандын күч түзүмдөрү кармаган төрт кыргыз жараны бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости