www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУга мүчө-мамлекеттин кайсы биринде түстүү революция жасоого аракеттер болсо, уюм ал мамлекетти коргоого алат. Бул тууралуу РФ Федерациялар кеңешинин спикери Валентина Матвиенко "Россия 1" телеканалында "Москва.Кремль.Путин" программасында Павел Зарубинге маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.

Журналист ага ЖККУнун Казакстандагы иш-аракетине НАТО менен АКШнын берген баасы боюнча суроо узаткан.

"Биз (ЖККУ) олуттуу уюм экенин көрсөттүк. Кокус ЖККУга мүчө-мамлекеттердин биринде түстүү революция уюштурууга аракеттер болсо, уюм ал өлкөнү дайыма колдойт. Бул абдан маанилүү", — деген ал.

Матвиенко Орусия менен Казакстандын чек арасы узун экенин эскерткен.

"Эгер бул кырдаалды убагында жөнгө салбаганда Казакстандын суверенитетине эле эмес, башка коңшу мамлекеттердин да суверенитетине коркунуч жаралмак", — деген спикер.

Анын айтымында, ЖККУ Казакстанда өзүнүн жөндөмдүүлүгүн, суроо-талапка ээ экенин көрсөткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости