www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы, белгилүү бизнесмен Тимур Кулибаев "Ата мекен" ишкерлердин улуттук палатасынын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Анда Кулибаев кайрылуу жасап, өз ыктыяры менен кызматын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал "Ата мекен" ишкерлердин улуттук палатасын 2010-жылдан бери жетектеп келген.

Кулибаев Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын жолдошу. Мындан сырткары, ал KAZENERGY мунай газ жана энергетикалык комплекс ишканаларынын казакстандык ассоциациясына төрагалык кылат, 2011-жылдан тарта "Газпромдун" директорлор кеңешинин мүчөсү — көз карандысыз директору. Ошондой эле Казакстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти, аны менен катар эле бокс жана спорттун суудагы түрлөрү боюнча федерацияны жетектейт.

Белгилей кетсек, өткөн жумада Елбасынын жогорку кызматтарды ээлеген эки күйөө баласы да кызматтан алынган.

Башаламандык маалында Назарбаев өзү Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости