www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда кармалган төрт кыргыз жараны бошотулуп жатат. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 15-январда Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

«Жергиликтүү бийлик, жергиликтүү ички иштер бөлүмү жана Карасай районунун прокуратурасы жардам беришти. Баары жакшы, аларды бошотуп жатышат», - деди ал.

Мындан тышкары Арипов, алар менен жолугушуудан жаңы эле чыкканын, жана алар бир сааттан кийин коё берилээрин айтты.

Эске салсак, Казакстандан көтөрүлүшкө шектелип 40 ашуун Кыргызстандык жаран кармалып кайра коё берилген. Алардын көбү эмгек мигранты болгон.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости