www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19га каршы эмдөө ымыркайларга кандай таасир этет?

Коронавируска каршы эмдөө аялдарды гана эмес, алардын болочоктогу балдарын дагы COVID-19 илдетинен (анын ичинен "омикрон" штаммынан) коргой алат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко билдирди.

"Бүгүнкү күндө кооптуу болуп турган "омикрон" штаммы өзгөчө төрт жашка чейинки балдарга көбүрөөк коркунуч жаратары айтылууда. Ал эми балага иммунитет эне сүтү аркылуу берилет. Андыктан жаш энелердин эмдөөдөн өткөнү туура", — деди Мурашко.

Эске салсак, коронавирустун "омикрон" штаммы 12-январда Кыргызстанда катталды. Аны менен катар Кыргызстанда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө. Анын ичинен басымдуу бөлүгү жаштар экенин Саламаттык сактоо министрлигинен билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости